Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үйдүн дубалындагы «Раимдин» портретин Бишкектин мэриясында вандализм деп аташты. Тартип бузгандарды жазалашат 

Борборубуздун жетекчилиги мүлккө зыян кетирбей, коррупцияга каршы башка усулдар менен күрөшсө боло тургандыгын активистерге түшүндүрөт 

Бишкекте бир канча жума мурун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова социалдык түйүндөрдөн баштаган коррупцияга каршы акция катуу жүрө баштады. Анын демилгеси менен сүрөт иштелип чыгып, көпчүлүк футболкаларына чаптай башташкан. Ал сүрөттө Раимбек Матраимовго окшогон адамдын сүрөтү тартылган. 

Аны менен бирге өзгөчөлөнгөн флешмоб социалдык түйүндөрдөн борборубуздун көчөлөрүнө өтө баштады. 

Үйлөрдүн жана имараттардын дубалдарында эркек кишинин сүрөтүнө кошулуп, «уурда» деген сөз тартылган сүрөттөр пайда болууда. Түйүндүн колдонуучулары сүрөттө «Раим-миллион» деген ат менен белгилүү болгон МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов экендигин таанышкан.   

Алдыңкы күнү социалдык түйүндө шаардык адам жогоруда аталган портреттер тартылган турак үйдүн дубалын видего тартып жарыялаган. 

(видео)

Ал арада, Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев бул акция мыйзамсыз жана вандализм катары бааланарын түшүндүрдү. 

- Уюштуруучуларынын уруксаты жок, муниципалдык жана жеке курулган имараттарга түшүрүлгөн сүрөттөр мыйзамсыз, - деп белгиледи ал. - Эгер керек болсо, «Жашасын Кыргызстан» деп жазылса да, андайга тыюу салынат жана мүлктү бүлүндүрүү болуп саналат.  Өздөрүнүн идеяларын түшүндүрүү менен аракеттенген коррупцияга каршы күрөштүн башка дагы усулдары бар. Көрүп турасыздар, биз шаарды башка жарнактардан тазалоого аракет жасап жатабыз. Азыр биз өз кызматтарыбызга, эгер алар мамлекеттик мекемелердин имараттарында ушундай  сүрөттөрдү же портреттерди көрүп калышса, тазалаганга тапшырма берүүдөбүз. Жеке менчиктегилер өздөрү тазалаганга милдеттүү. 

Ошону менен бирге Балбак Зарлыкович коррупцияга каршы акциянын авторлору жазаланышы мүмкүн экендигин да кошумчалады.

- Эгер сүрөттөр же плакаттар мамлекеттик мекемелердин имараттарынын дубалдарында же эстеликтерде тартыла турган болсо, биз алардын авторлорун издеп табабыз жана чараларды көрөбүз, - деп эскертти ал. - Ал эми алардын аракети вандализм болуп эсептелет.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх