Өмүрбек Текебаевди кайын энесин көмгөнгө бошотууну суранышты
«Ата Мекен» партиясында ЖАМктан жооп күтүп жатышат
Камактагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси - Бүбүкан Турдуева каза тапты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» партиясынын секретариатынан кабарлашты.
- ЖАМКка жаназага катышуу үчүн Өмүрбек Чиркешовичке уруксат берүү жөнүндө өтүнүч жөнөттүк, - деп маалымдашты партиядан. - Жоопту күтүп жатабыз.
Белгилүү болгондой, Бүбүкан Турдуева узакка созулган оорудан кийин каза тапкан.
Эске салсак, азыркы учурда Текебаев №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасында дарыланууда жатат.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз