УКМКда күн бою Манас Арабаевди үй камагына бошоткондугу тууралу тастыктай албай жатышат
УКМКнын тергөө абагынан Башкы прокуратурага кайрылууну сунушташты
Президенттин аппаратынын соттук реформалар жана мыйзамдуулук бөлүмүнун мурдагы башчысы Манас Арабаевди үй камагына чыгарышты. Мындай чечимди 2019-жылдын 5-майында Биринчи Май райондук соту кабыл алган, деп кабарлашты бир нече күн мурда.
Бирок, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан бул маалыматты тастыктоодо бир аз кыйналышты. Vesti.kg сайты так жоопту баары бир ала алган жок.
- Башкы прокуратурага чалсаңыздар, дагы жакшы болот, -деп жооп беришти маалымат кызматынан. - УКМКнын тергөө абагы, албетте, бирок ишти Башкы проуратура жүргүзүүдө.
Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматында буга таң калышты.
- Тергөөнү УКМК жүргүзөт, түшүнүксүз, эмне үчүн алар бизге шылтап жатышат, - дешти ал жактан Vesti.kg сайтына. - Бул маселенин бизге тиешеси жок. Эске салсак, 2018-жылдын 15-майында «Атамбаевдин соттук системасынын куратору» аталган Манас Арабаевди КР президентинин соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотушкан.
2018-жылдын апрелинде депутат Тынчтык Шайназаров Манас Арабаев соттук системанын ишмердүүлүгүнө кийлигишип жатат деп билдирген.
2019-жылдын 2-июнунда аны чет элдик инвесторлордун ишкердик обьектилерине рейдерлик жасаган белгисиз топтун кызыкчылыгында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармашып, УКМКнын тергөө абагына киргизишкен. Арабаевге «Паракорчулук» беренеси менен айып тагылган.
Бир канча күн мурда «Ала-Тоо-24» телеканалындагы «Көлөкөлөр: Инвесторлордун мүлкүнө көз арткан Атамбаевдин жакын кишилери» деген фильмде Манас Арабаев мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева БЛС курулуш компаниясына байланыштуу сот процессинин чечүүгө көмөктөшүүнү, судья Эльвира Жаркеевага «тийишпөөнү» сурангандыгын билдирген.
КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева ал берүүнү Алмазбек Атамбаевди колдогон митингдин алдындагы атайын жасалган «агынды» деп атаган.
Ольга Федорчук
Фото www