Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

7-апрелдеги революциянын катышуучулары ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин акталышын жокко чыгарууга  аракет жасашат

Апрель революциясынын баатыры: «Соттун чечимин жөн эле кабыл алуу керек»7-апрелдеги революциянын катышуучулары ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин актоо тууралу чыккан өкүмдү алып салууну талап кылышты. Биринчи Май райондук сотунун алдында бул окуяга байланышкан митинг болуп өттү.

Акциянын катышуучулары – 20 чакты адам – 2010-жылдагы окуялардагы адамдардын жабыркагандыгына ИИМдин мурдагы министри күнөлүү деп билдиришти. Ошондуктан, алар жогорку инстанцияда бул чечимди жокко чыгарууга аракеттенишет. 

Апрель революциясынын катышуучусу Осунбек Жамансариев ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, актоо тууралу өкүмдү акыйкат болду деп айтканга болбойт - деп белгиледи. 

- Бир тараптуу айта албаймын, бирок, Конститутцияда жазылуу, куралданган аскер күчтөрү менен митингди басууга болбойт, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Конгантиев ИММ башчысы болгон. Ошондуктан, ал өзү Таласта болгон чакта да, анын аракеттеринде туура эмесиктер болгон. 

Ошондой эле, Жамансариев ЖТКнан каза болгон президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов тууралу да эскертти. 2010-жылдан кийин жүргузүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, аны муунтушуп, жасалма кырсык - автоавария уюштурушуп, андан кийин автомашинада жардырышкан. 

 - Башында болсо, бул адам өлтүрүүнү күтүлбөгөн кырсык деп эле таанышкан болчу да, - деп баса белгиледи ал.

Бирок, апрель революциясынын баатыры  Расул Умбеталиев соттун чечими кандай гана болбосун, аны кабыл алуу керек дейт.

- Мен өзүмдү сот көрсөткүм келбейт, ошол эле учурда бирөөгө күнөө таккым да келбейт, - деп ал Vesti.kg сайтына ачык айтты. - Анын 20 млн долларды уурдаганбы, же жокпу, жана 2010-жылдагы окуяларда күнөөсү кандай, мага аны чечүү ыңгайсыз. Ошол үчүн соттор бар деп ойлоймун. 

Умбеталиев аппеляция берүү үчүн прокуратура жана башка инстанциялар бар деп белгиледи. 

2019-жылдын 5-июлунда биринчи Май райондук соту Молдомуса Конгантиевди актады. Айыптоочулар аны 6 жыл эркинен ажыратып, 100 миң сом айып төлөөнү талап кылышкан. 

Ольга Федорчук

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх