Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: Канатбек Исаев Кыргызстандан тергөөчүнүн уруксаты менен чыга алат

Белгилүү жактоочу, үй камагында болгон адам кантип өлкөдөн башка жакка чыга алат деген суроого түшүндүрмө берди

ЖК депутаты Канатбек Исаев мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин көп миллиондук абалы тууралу жалган көрсөтмөлөрүн тастыктоо максатында кечээ жакында Москвада болгон. Бул тууралу ата-мекендик ЖМКлар жазып чыгышкан. 

Ал арада Vesti.kg сайты үй камагында болгон парламентарийдин өлкөнүн сыртына чыкканга акысы барбы, текшерип көрүүнү чечкен?

Vesti.kg сайты өткөн жылы Канатбек Исаевдин баш калкалоо чарасын  үй камагына алмаштырууга чечим чыгарган Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бирок, соттон азыр бул иш аларда эмес экендигин жана редакциянын бул суроосуна жооп бере албай тургандыктарын айтышты. 

Андан кийин Vesti.kg сайты так жооп алуу үчүн Жогорку сотко кайрылган. 

Ошол эле учурда КР Жогорку соту бул суроону,  эмнегедир, Жогорку Кеңештин дарегине узатууну суранышкан.

Эми, Vesti.kg сайты Жогорку Кеңешке телефон чалганда, ал жерден, мүмкүн, эл өкүлү уруксат алган деп жооп беришти. Аны менен бирге эле ЖК маалымат кызматы аталган маалыматты депутат Исаевдин өзүнөн тактап алууну өтүндү.

Vesti.kg сайты эл өкүлүнүн жумушчу телефонуна чалышты, бирок, парламентарийдин телефонуна чалуулар жеткиликсиз болуп жатты. 

Ошол эле учурда Vesti.kg сайты белгилүү жактоочу Руслан Долаевге кеңеш алуу үчүн кайрылган.

- Бул ал сапарга чыгып жаткан маалда, анын кандай статуста экендигинен да көз каранды, - деп белгиледи Руслан Магомедович. - Эгер ага карата кылмыш иши козголгон болсо, азыр аны кылмышты же укук бузууну каттоо деп аташат, жана ага канадйдыр бир кылмышты жасадың деп айтылган болсо, анда ага карата баш коргоо чарасы колдонулат ( чыгып кетпөө же камакка алуу тууралу санкция). Ал адам тергөөчүгө кандайдыр бир мөөнөткө өлкөдөн тышкары чыгып келүүгө уруксат берүүнү өтүнөт. Ага уруксат берилген болсо, ал көрсөтүлгөн мөнөттүн ичинде кайтып келүүгө милдеттүү. Бул баш коргоо чарасы ( үй камагы) сот тарабынан чыгарылган, ошондуктан, ал адам бир жакка чыгып келүү үчүн, соттон же тергөөчудөн уруксат алышы зарыл. Эгер ал үй камагында болуп, тергөөчүнун уруксатысыз чыга турган болсо, баш коргоо чарасын одоно бузду деп эсептелет. Бул болсо, ал чараны дагы катуулатканга негиз болот. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык соту 18-июлда ЖК депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн. Аны 2017-жылдын 30-сентябрында камакка алышкан. Депутатка «Кылмышка даярдануу»,  «Массалык тартип буузулар» жана «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармоо» беренелери боюнча айып тагылган. Эл өкүлү айыпталган коррупцияга байланышкан иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылган. Экинчи ишти болсо тергөөгө чейинки териштирүүгө  жөнөтүшкөн. 

Алина Ормонова 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх