Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мына эми! ЭКККМК Матраимовдор боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын чыгарышты. Бирок, азырынча толук эмес (фото)

«Финпол» «Исмаил Матраимов атындагы фонддун» ишмердүүлүгүн текшерди жана ал жактан эч кандай мыйзам бузуу табышкан жок 

Иштин жагдайларын обьективдүү изилдөө жана журналист Али Токтакуновдун видео иликтөөлөрүндө чагылдырылган өлкөдөн акча каражаттарын чыгарып кетүү тууралу фактыларды тастыктоодо тергөө органдары тарабынан төмөндөгү жумуштар аткарылды: видеосюжетте көрсөтүлүп, жарыяланган материалдары анализдөө, ыйгарымдуу мамлекеттик органдарга суроо-өтүнүчтөрдү жөнөтүү, тергөө үчүн керек болгон документтерди чыгарып алуу иш-чаралары. 

Ошол эле учурда, бүгүнкү күнгө карата, тергөө тарабынан Али Токтакуновдон жалпы суммасы 22 721 312 доллар өлчөмүндөгү банк документтери алынган, бирок, журналистик иликтөөлөрдүн видеосюжетинде көрсөтүлүп жана жарыяланган документтердин негизги пакети азыркыга чейин алына элек. 

Тергөө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 134 - беренесине ылайык,  өлкөнүн бир катар банк мекемелериндеги финансылык операцияларды тактады. Банк сырын түзгөн маалыматтарды жарыя кылуу жана  колдонгондугу үчүн ким гана болбосун КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Андыктан,  банк мекемелери номерлөө менен көрсөтүлөт. 

 - «№ 1 Банк» - ЖИ Saimaiti Aierkenдин жеке эсеби бар, анда 2011-жылдан баштап, 2014-жылга чейин Оштогу филиалында 130 взнос санында жалпы суммасы 22 496 141,00 АКШ долларын түзгөн (анын ичинен 1 414 500,00 сом жана 85 910 000.00 рубл) толуктоо болгон. Ал толуктоолорду физикалык жактар жана ЖИ Saimaiti Aierkenдин өзү жүргүзгөн.  

Ошондой эле жалпы суммасы 22 496 141.00 АКШ долларын түзгөн жана 105 акча которуулары Түркия Республикасына, Кытай Элдик Республикасына, Араб Эмираттарына, Германия Федеративдүү Республикасына, Латвия Республикасына  жана Россия Федерациясына болгон. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын алып келүүгө түзүлгөн контрактар болгон. 

 - «№ 2 Банк»  - ЖИ Saimaiti Aierkenдин ачылган эсеби,  2010-жылдан баштап, 2015-жылга чейин 1 280 чегерүү менен жалпы суммасы 368 016 702,92 миллион АКШ доллары эсебинде акча которуулары ишке ашырылган. Эсепти толтурууну ЖИ Saimaiti Aierken өзү жүргүзгөн. 

ЖИ Saimaiti Aierkenдин акча каражаттары Түркия Республикасына, Кытай Элдик Республикасына, Араб Эмираттарына, Германия Федеративдүү Республикасына, Латвия Республикасына  жана Нидерландыга жалпы суммасы 367 567 410,95 миллион АКШ доллары которулган. Акча төлөмүнүн дайындалышы текстиль продукциясын алып келүүгө түзүлгөн контракт болгон.

- «№ 3 Банк » - ЖИ Saimaiti Aierkenдин жеке эсеби, 2015-жылдын 2018-жылга чейин 52 акча взносунан 80 780,00 миллион АКШ доллары менен толукталган. Эсепти толтурууну «Wufuli Bumailiyamu» ЖИ жана жеке жактар жүргүзүшкөн. 

ЖИ Saimaiti Aierkenдин акча каражаттары 52 которуулары менен которулган. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон. 

 - «№ 4 Банк» - ЖИ Saimaiti Aierkenдин жеке эсебине, 2011-жылдан баштап 2014-жылга чейин Аравандагы филиалда 5 взнос санындагы 6 538 150,00 АКШ доллары жалпы суммада толуктоо жүргүзүлгөн. ЖИ Saimaiti Aierkenдин өзү эсепти толтурууну жүргүзгөн. 

ЖИ Saimaiti Aierkenдин акча каражаттары Түркия Республикасына, Кытай Элдик Республикасына, Бириккен Араб Эмираттарына, Германия Федеративдүү Республикасына, Англияга, Швейцария конфедерациясына, Америка Кошмо Штаттарына жана Россия Федерациясына 7 акча которуулар менен жалпы суммасы 6 520 150,00 миллион АКШ долларын түзгөн. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон. 

 - «№ 5 Банк» - ЖИ Saimaiti Aierken  өз эсебине, 2014-жылда 16 акча взносу менен жалпы суммасы 9 608 627,00 миллион АКШ долларын түзгөн которууларды ишке ашырган. 

ЖИ Saimaiti Aierkenдин 9 577 525,00 миллион АКШ долларындагы акча каражаттары 21 акча которуулары менен Латвия Республикасына которулган. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон. 

 «№ 6 Банк» - ЖИ Saimaiti Aierken 2011-жылдан 2013-жылга чейинки мезгил ичинде 96 акча взносу менен жалпы суммасы 14 611 486, 55 миллион АКШ долларын өз эсебине которууну ишке ашырган.  14 611 486, 55 миллион АКШ доллары 70 акча которуулары менен Кытай Элдик Республикасына которгон. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон. Эсеп төлөмдөрүн  ЖИ Saimaiti Aierken өзү жүргүзгөн.

 «№ 7 Банк » - ЖИ Saimaiti Aierken 2010-жылдан 2015-жылга чейин 78 акча взносу менен жалпы суммасы 424 184,94 миллион доллар көлөмүндө толуктоо жүргүзгөн. Эсеп төлөмдөрүн  ЖИ Saimaiti Aierken өзү жүргүзгөн.

10 039 461,18 миллион АКШ доллары көлөмүндөгү акча каражаттары 78 акча которуулар менен Түрк  Республикасына, Кытай Элдик Республикасына, Германия Федеративдүү Республикасына, Бириккен Араб Эмираттарына которулган.Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон.

 - «№ 8 Банк» - ЖИ Saimaiti Aierken 2014-жыл ичинде 215 акча взносу менен жалпы суммасы 61 116 306,00 миллион АКШ доллар толуктоо жүргүзгөн. Эсепти толтурууну «Wufuli Bumailiyamu» ЖИ жана жеке жактар жүргүзүшкөн.  

ЖИ Saimaiti Aierken тарабынан 65 589 946 миллион доллар акча каражаты 206 акча которуулары менен Түрк Республикасына, Кытай Эл Республикасына, Германия Федеративдүү Республикасына жана Латвия Республикасына которулган.  Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон.

 

- «№ 9 Банк» - «Абдыраз» ЖЧКнын эсебинде  2014-жыл ичинде жалпы суммасы 6 903 963,00 АКШ доллар 17 акча взносу ишке ашырылган. Жалпы суммасы 6 860 545 АКШ доллары эсебинде акча каражаттары ЖИ Saimaiti Aierken тарабынан Түрк Республикасына, Панамага, Кытай Эл Республикасына , Улуу Британияга, Британ-Виргин аралдарына, Белизге жана Казак Республикасына которулган. Төлөм дайындоолору болуп курулуш материалдарын, тетиктерди, ошондой эле тамак-аш продукцияларын ташып келүү эсептелет.  

 - «№ 10 Банк» - «Wufuli Bumailiyamu» ЖИ эсебине 2014-жылдан 2015-жылга чейин жалпы суммасы 26 434 403, 00 миллион АКШ долларын түзгөн 113 акча взносу ишке ашырылган. Эсепти толтурууну «Wufuli Bumailiyamu» ЖИ өзү жүргүзгөн. 

«Wufuli Bumailiyamu» ЖИнын 25 890 772, 00 миллион АКШ долларындагы  акча каражаттары 104 акча которуулар менен Кытай Эл Республикасына которулган.   Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон.

 - «№ 11 Банк» - «Абдыраз» ЖЧКсынын эсебиндеги 2014-жылдан 2019-жылга чейин жалпы суммасы 118 197 081,00 миллион АКШ долларында 301 акча взносу ишке ашырылган.  

117 726 212,00 миллион АКШ доллары  суммасында акча каражаттарын «Абдыраз» ЖЧКсы 321 акча которуулар менен Түрк Республикасына, Кытай Эл Республикасына, Бириккен Араб Эмираттарына, Германия Федеративдүү Республикасына жана Англияга которушкан. Төлөм дайындоолору текстиль продукцияларын ташып келүүгө контракт болгон. 

«ЖИ "S. A.", ЖИ. "W. B." жана "А." ЖЧКдорунун» банк эсептери боюнча акча каражаттарынын кыймылынын таблицасы. бул жерде таблица болот

Жалпы эсептеги жеке жана юридикалык жактарда ишке ашырылган жыйынтыктары - жалпы суммасы 519 560 382,91 АКШ долларын түзгөн 2 303 акча взносу, которуулардын жүрүшүндө башка валюталар (сом, рубль, евро) кошулган, жана кийин 646 879 649,68 АКШ долларына айландырылган (которулган күндөгү КР УБ курсу боюнча).

ЖИ «Saimaiti Aierken», «Абдыраз» ЖЧК жана «Wufuli Bumailiyamu» ЖИсынын эсептери аркылуу аталган акча каражаттары  2 миң 631 акча которуулары менен түрдүү контрактар боюнча чет элдеги өлкөлөргө которулган (мисалга: текстиль продукцияларын ташууга - контракт, мотор майларын ташууга - контракт, тетиктерди ташууга -контракт жана башка контракттар). 

Азыркы учурда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча ЭКККМК тарабынан салык текшерүүлөрү дайындалган. 

 Ошондой эле, тергөө тарабынан көрсөтүлгөн видеоиликтөөнү анализдөөнүн жүрүшүндө журналистик иликтөөлөрдүн видерепортажында көрсөтүлгөн жана угузулган 2017-жылдын 13-январындагы 500 000,00 АКШ доллары жана  729 000,00 АКШ доллары суммасындагы банк которууларынын документтери (скриншот №1), 2016-жылдын 20-сентябрындагы 100 200 АКШ доллары (скриншот №2), 2016-жылдын 19-сентябрындагы 649 500,00 АКШ доллары  (скриншот №3), ошондой эле, айтылып, бирок көрсөтүлбөгөн жалпы суммасы 160 000,00 АКШ доллары  (бардыгынын жалпы суммасы – 2 338 700 АКШ долларын) түзгөн жана Saimaiti Aierken аттуу жеке жактан жана башка атуулдардан, Wufuli Bumailiyamu тарабынан  «И.Матраимов атындагы фонддун» эсебинин дарегине которулгандыгы тууралу маалыматтар тастыкталган жок. 

Аны менен бирге Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандын аталган фонддун дарегине 100 000 АКШ долларын 2016-жылдын 25-августунда акча которгондугу такталган жана  99 958,20 АКШ доллары суммасында которуу банк которуулары менен тастыкталган.  

Жогорудагыларга байланыштуу ЭКККМК Али Токтакуновдон видео иликтөөлөрдө айтылган, буга чейин да тергөө тарабынан суралган документтердин баары тууралуу маалымат беришин талап кылат. 

 Ошол эле учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ЭКККМКы тарабынан «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук-кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү текшерилип, төмөндөгүлөр аныкталган, Фонд кайрымдуулук менен алектенет. Өлкөнүн банктарынын биринде өздүк эсеби бар, ага өз калоолору менен акча каражаттарын келишимдерге ылайык которуу жасашат. 

Ошондой эле, Али Токтакунов тарабынан телеберүүдө Фонддун ЖИ Айэркен Саймайити жана Wufuli Bumailiyamu тарабынан 2 миллион 338 700 доллар алгандыгы тууралу тастыктап айткандары тууралу текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2014-жылдан 2019-жылга чейин келишимдер боюнча өз ыктыярлары менен Фонддун дарегине 1 миллион 439 тыс. 348,50 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом түшкөн.  Эсепке төмөндөгү физикалык жана юридикалык жактар толтуруу жүргүзүшкөн: 

 - «Ж.М.» 10 000 АКШ доллары суммасына;

- «М.Ч.» 10 000,00 АКШ доллары суммасына;

- «W.B.» , Стамбул ш., 199 958,2 АКШ доллары суммасына;

- «D.A.»,  Стамбул ш., 170 588,00 АКШ доллары суммасына;

- «S.C.K.G.», Стамбул ш., 139 965,10  АКШ доллары суммасына; 

- «A.G.T.F.», БАЭ, 159 965,00 АКШ доллары суммасына;

- «A.A.», Өзбекистан, 499 950,00 АКШ доллары суммасына;

- «R.J.», Стамбул ш., 199 760,20 АКШ доллары суммасына;

- «P.O.», Москва ш., н49 162,00 АКШ доллары суммасына;

- «М.Р.» 221 600,00 сом суммасына.

 Азыркы кезде  Кызмат тарабынан керектүү болгон бардык сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүштө чогултулган банк жана бухгалтердик  документтерди анализдөө жүргүзүлүүдө.

 КР Өкмөтүнүн алдындагы ЭКККМК

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх