Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин жактоочусу: мурдагы президентти суракка күч менен алып келүүгө болбойт 

Сергей Слесарев бүгүн укук коргоо органдарына жооп жөнөтө тургандыгы жөнүндө кабарлады 

ИИМ Алмазбек Атамбаевди суракка чакырганга акысы жок болчу, себеби, Жогорку Кеңеш андан кол тийбестикти мыйзамсыз алган. Ушундай пикири менен  Vesti.kg сайтында мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев бөлүштү. 

- Бүгүн мен жообумду укук коргоо органдарына жөнөтөмүн, - деп ишендирди ал.  - Мурдагы президенттин дарегине айыптоолорду коюу менен Жогорку Кеңеш өз ыйгарымдарынан ашып кеткен. Ага ылайык, мындан аркы аракеттердин бардыгы Конституцияга туура келбейт. 

Юрист, чакыруу барагы түздөн-түз адресаттын өз колуна же туугандарынын бирине тапшырылышы керек деп эсептейт. 

- Учурда чакыруу барагын партиянын мүчөлөрүнүн бирине беришкен, - деди ал. - Алмазбек Шаршеновичти күбө катары чакырышты, бирок, кайсы иш боюнча чакырышканын көрсөтүшкөн эмес. Бул жерде кайрадан эле кандайдыр бир коллапс болуп жатат. Мурдараак, кол тийбестикти, кандайдыр бир кылмыштарга тийиштиги бар деген шылтоо менен Башкы прокуратуранын корутундусунун негизинде алып салышкан. Азыр болсо, мурдагы президентти күбө катары чакырышууда. 

Слесаревдун айткандарына караганда, эгерде адамды күбө катары суракка чакырса, анда ал келбей койсо, укук коргоо органдары аны күч менен алып келсе болот.

- Бирок, бул норма мурдагы президент сыяктуу, иммунитети бар адамга карата колдонулбайт, мисалга, - деп жыйынтыктады ал. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Алмазбек Атамбаевди ИИМ БТБна суракка чакырышыканын билдирген болчу. Мурдагы мамлекет башчысы  «керек болсо колум дагы бул кагазда кармагысы келбейт» деп билдирген.

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх