Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков: Башка дүйнөлүк музейлерди карап көрүү керек, депутаттарды эле уга бербей

Мурдагы премьер сотто прокурорлор ага эмне тууралу окушканын түшүнгөн жок

Бүгүн, 9 июлда, Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун иши боюнча соттук жыйын улантылды.

Жыйында айыптоочу тарап айыптоо корутундусун окуп берди. Андан кийин сот күнөөлөнүп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаевадан коюлган айыптарга макулсуздарбы деп кызыкты.

Сапар Исаков прокурорлор эмнени окуп бергенине түшунбөгөндүгүн айтып жооп берди. 

«Мен муну саясий жактан ыңгайлаштырылган иш деп айткым келди. Эмне үчүн музейди ачпай жатышат? Бул өлкөнүн сыймыгы. бизде мындан башка мындай обьекттер жок. Качан кээ бирөөлөр музейдин ичинде кафетерий болбош керек дегенде, дүйнөдөгү музейлерди барып көрүш керек, депутаттарды угуп олтура бербестен. Музей супер заманбап болуп саналат. Бардыгы үчүн Исаков менен Карыбаева жооп берет деген - бул туура эмес. Мындай кылганга жана өлкөнү бүлүндүргөнгө болбойт», - деп жыйынтыктады ал.

 Күнөөлөнүп жаткандардын экөө тең күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок.

КСДП маалымат кызмат

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх