Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПдан «Медиа Форумдун» мурдагы юристинин сөздөрүн четке кагышты 

«Аны биз бир эле иш боюнча жалдаганбыз, аны да аягына чейин чыгарган эмес» 

Юрист Муратбек Жапаров  «Медиа форум» ААКнун штатында иштеген эмес - аны биз бир иш боюнча жактоочу катары жалдаганбыз. Бул тууралу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева  Vesti.kg сайтына кабарлады. 

- Жапаров бир эле иш боюнча жактоочу болуп бизге жалданган, аны да аягына чыгарган эмес, - деп түшүндүрдү ал. - Ооба, ал чындыгында партиянын мүчөсү болгон, бирок, юридикалык кызматын үч ай, же төрт ай эле көрсөткөн. Ошондуктан, анын сүйлөгөн бардык сөздөрү чындыкка дал келбейт. 

Эске салсак, мурдараак Муратбек Жапаров Vesti.kg сайтына, «Медиа форум» ААКунда эки жыл юрист болуп иштегенмин, бирок, андан кийин аны себепсиз иштен жумуштан бошотушканын билдирген. Жапаровдун айтканына караганда, акционердик коом ага салык төлөбөй, Социалдык фондго төлөмдөрдү чегерген эместигин ал кийинчерээк билген.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх