Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ата Мекен»: Сооронбай Шарипович, эмне үчүн Текебаевге каршы репрессия уланууда?

Партия Кыргызстандын президентине өзүнүн кайрылуусун жарыялады  

«Ата Мекен» партиясы президент  Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун таркатты, анда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата ишти акыйкат соттук кароону камсыздоону суранган. 

(орфография менен пунктуация сакталган – ред. эск.)

“ Урматтуу Сооронбай Шарипович , «Ата -Мекен» саясий партиясы 25 жылдан ашуун биздин өлкөбүздө чыныгы демократиянын, мыйзамдуулуктун салтанатын жана акыйкаттуулукту орнотуу үчүн күрөшүп келген. 

Биздин  партия Акаевдин үй - бүлөлүк башкаруусуна жана диктатурасына каршы күрөштүн башында болгон, Бакиевдин үй-бүлөлүк - кландык башкаруусуна жана Атамбаевдин уюшулган, кылмыштуу диктатурасына  каршы күрөшкөн. 

Бардык ушул жылдарда партия репрессияларды, кысымдарды , басынтууларды башынан өткөрдү. Биз ар дайым, биздин максат асыл максатта экендигин жана укуктук, демократиялык мамлекеттүүлүктү орнотуу үчүн бардык нерселерге барууга даяр болуп келгенбиз, бул күрөштө элибиздин колдоосун сезип келебиз жана бүгүн дагы сезип  турабыз. 

Бардык ушул жылдарда бул күрөштүн башында биздин жол башчыбыз - Өмүрбек Чиркешович Текебаев келди. Ал көптөгөн сыноолор аркылуу өттү: матрешка гейт, шайлоо добуштарын эсептөөдөгү калпыстыктар, коркутуулар, мародерлукка далилсиз коюлган күнөөлөр жана «Белиз гейт», шайлоодон мыйзамсыз четтетүү жана көптөгөн ушул сыяктуулар. Тарых жана убакыт бардыгын өз-өз оруна койду. 

Бирок, тергөө менен сотторго кылмыштуу басым жасоо көрсөтүп, көп сандаган күбөлөрдүн көрсөткөн фактылары менен далилдери тастыктап жатканын да көзгө илбей, далилдерди жасалмалап жана буйдалап, өз өлкөсүндө түрмөгө камалган жана мыйзам менен чырдашкан, булганган чет элдик алдамчыны колдонуп, Атамбаевдин режими биздин жетекчилерибиз жана жолдошторубуз болгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду түрмөгө олтургузганга жетишти. 

Бийлик алмашкандан кийин, Атамбаевдин бардык кылмыштары менен алдамчылыгы тышка чыкканда, жана парламент андан кол тийбестигин алып салганда, ал жерде биздин депутаттардын да белгилүү бир даражада салымы бар, андан дагы Өмүрбек Текебаевдин мурдагы жана учурдагы көптөгөн билдирүүлөрүнөн кийинки фактылар биздин Фемиданын кызматкерлерин жалгыз акыйкат чечимди кабыл алууга - Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду толук акташат деп үмүттөнөбүз.  

Ага карабай соттор, Атамбаев алардын башын айландырып койгонсуп, биздин туугандардын, күбөлөрдүн жана жактоочулардын, арасында силер ишенбей койгонго мүмкүн болбогон жогору даражадагы саясатчылар менен аткаминерлердин  аргументтери менен далилдерин көзгө илбегенди улантышууда! 

16 - июлда Өмүрбек Текебаевдин - бир канча жолу өлкөбүздү саясий кризистен «сууруп»  чыккан, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө бар өмүрүн арнаган адамдын иши боюнча кезектеги сот болот. 

Бул шарттарда «Ата-Мекен» партиясы, сиздин укуктук акыйкат мамлекет куруу керектиги, мыйзамдуулуктун салтанаты болушу тууралу билдирүүңүздү эске алуу менен сизден аталган ишти бардык жагдайларын эске алып,  алдын - ала көрсөтмөсүз кароону акыйкат камсыздаганга жардам берүүңүздү суранат. 

Мына эки жыл болуп калды, биз эч ким жана эч нерсе менен эсептешпеген, бир гана өзү өлкөнү кантип өнүктүрүүнү билемин деп эсептеген, өзүн кудайдан жана адамдардан да, жада калса мыйзамдан да жогору койгон адамдын диктатурасынан бошондук. 

Эми, Атамбаев өзү тергөө коркунучу астында үйүндө бекинип алды, анын соттук иштерди ийине жеткирип аткарган желдеттери (Арабаев, Жолдубаева жана Сегизбаев) же өздөрү тергөөдө, же бекинип алышкан, анан суроо пайда болот: Текебаев жана Чотоновго каршы репрессиялар эмне үчүн уланууда? Эми биз, муну менен Атамбаев тарабынан  биздин жолдошторубуз түрмөдө репрессиялар менен кысымга алынып жатат деп актана албайбыз.  

Партиябыздын мүчөлөрү, биздин тарапташтар, көптөгөн кыргызстандыктар суроо берип жатышат: Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдорго жаңы бийлик тарабынан саясий куугунтук саясаты улантылып жаткан жокпу деп? Эгер ошондой болгон болсо, анда биздин партияны толук жана анын тарапташтарын куугунтуктоо болуп жатат дегендик болуп эсептелеби? 

Биздин конструктивдүү партия катары калганыбыз, биздин партиянын жана анын депутаттык фракциясынын мүчөлөрүнүн коомду жаңылоодогу, соттук жана укук коргоо органдарындагы реформаларды эң негизги куралы мыйзам жана адам укугу болгон заманбап жана алдыңкы мамлекетти курууда сиздин алып бара жаткан багытыңызды  толук кубаттадык. 

Сиз Бакиевдин үй-бүлөлүк - кландык режими менен биргеликте күрөшүүдө бул адамдарды жеке билет элеңиз, 2010-жылдагы татаал окуяларда бирге болгонсуз. Сиз бул айыптоолордун ойго келбей тургандай экендигине  ишенесизби? Өлкөбүздө эч ким атамбаевдин сотторунун чечимдерине ишенбейт. 

Сиз бир канча жолу жалпы адамдардын алдында соттук процесстерге кийлигишпеймин деп айткансыз, ошондуктан соттор кандай чечим чыгарышат сизден көз каранды эмес. Биз сиз менен толук макулбуз, бирок, ошол эле учурда, биз азырынча көз каранды болуп турган соттордун чечимин эмес, соттук чечимдин акыйкат болушун камсыздоону талап кылабыз.

Адамдын жашоосунан баалуу эчтеке жок. Адамдын тагдыры менен аеосуз ойноо, бир күн  тегеренип өзүңө кайтып келет. Түрмөдө олтурган күнөөсүз, адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, өз элине кайтып келүүгө жардам бериңиз! 

Урматтоо менен, «Ата Мекен» саясий партиясы

«Ата Мекен» партиясынын пресс-кызматы

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх