Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

СДПК: Алмазбек Атамбаев бул жайда эс алууну ойлой элек

Чет өлкөгө чыгуу. мөмө терүү жана тик учакта учуу. Саясатчылар жайкы эсте калган окуялары менен бөлүшүшөт 

Эс алуу мезгилинде көптөгөн саясатчылар өздөрүнун социалдык баракчаларында өздөрүнүн эс алуусу тууралу берилүү менен айтып беришүүдө. 

Депутат Исхак Пирматов социалдык түйүндөгү өздүк баракчасында мөмөлүү дарактын пейзажында, алмурут дарагынын фонундагы сүрөттөрүн жарыялаган. 

«Мөмө топтоо убагы!», - деп кол койгон жана Ала-Бука районунда экендигин белгилеп. 

Башка парламентарий, Исхак Масалиев, чет өлкөгө жолчулукка чыккан.

«Новосибирде жашаган кыргыздар өздөрүнө жакын туткан, өздөрүнүкү эсептеген жерде болдум, - деп ал социалдык түйүндөн бөлүшту. - Шаар четиндеги живопистүү жерде эки боз үй жана бир үйүр жылкылар, көп-көп жылуулук. Бүгүн атчандар жок, алар жарышка катышуу үчүн Алтайга кетишти. Азматтар, - Нурали жана анын үй-бүлөсү биздикилер жакшылыкка сүйүнүшүп, бири-бири менен аңгемелеше турган жер даярдашкан! Менин оюмча алардын Кыргызстандагы туугандары жана жакындары мына бул сүрөттөр үчүн, ыраазы болушат деп ойлойм...» ( орфография жана пунктуациясы сакталган - ред. эск.) 

Мурдараак, Vesti.kg сайты эл өкүлү Алтынбек Сулайманов бош убактысын тик учакта жана тоодо велосипед тебүү менен өткөрөт деп билдирген.

Ошону менен бирге эле Vesti.kg редакциясы КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага кайрылып, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жайкы эс алууну кандай өткөрөт деп сураган.

- Жок, Алмазбек Шаршенович эч кайда барбайт, эс алууну ойлоно элек,  - деп жооп берди ал. 

Сүрөттөр саясатчылардын социалдык түйүндөгү жеке баракчаларынан алынган. 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх