Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн Тажикстан менен жашоочуларыбызды алмаштыруу - аны чечүү жолубу? 

  • 61 жолу кароо

Ишке ашпаган нерсе, - деп эсептешет мурдагы чек арачылар. Эмнеге? 

Чыр чатакты токтотуу үчүн Тажикстан менен чек аранын айланасындагы айылдарды алмашуу керек, -  деп сунуштады тегерек столдо Баткен облусунун мурдагы губернартору Мамат Айбалаев. 

Идеянын мааниси Тажикстандагы Ворух жана Мачаи  айылдарында жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп келишсе, Тажикстандын кыргыздар жайгашкан Жерге - Тал жана Мургабдагы этникалык тажиктер - Тажикстанга көчүрүлөт. 

«Ошондой эле Кожентте бир канча айыл бар, ал жерлерде 22 миңдей кыргыздар жашашат, - деп белгиледи Айбалаев. - Менин оюмда эки тарап да каршы болбосо керек. Анын үстүнө Тажикстандын жарандары мыйзамга аябай катуу баш ийишет».

Аскер блогу боюнча мурдагы вице - премьер Абдырахман Маматалиев буга макул: ишке аша турган болсо, идея эң сонун. Бирок, муну менен дагы көйгөйлөр пайда болот, - деп тушүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. 

- Адамдарды алардын макулдугу менен гана көчүрсө болот, -деп көрсөттү эксперт.   - А алар макул болушабы? Ар бири өзүнүкүн жакшы деп ойлошот, андан да бир айылдын элинин макулдугун алуу, өтө эле кыйын. 

Маматалиев 2015-жылы Көк-Таш айылынын жашоочулары менен тажиктердин калк жашаган пунктун алмаштыруу маселелерин талкуулаганбыз деп айтты. Алмаштырууга кыргыз жана тажик үйлөрү шахмат тибинде жайгашкан 16 гектар жерди даярдаганбыз.

- Биз өзүбүздүн элдер менен сүйлөштүк, алар макул болушкан, - деп билдирди ал.  - Жергиликтүү бирикмелер, жергиликтүү бийликтер менен макулдаштык. 

 Өкмөткө чейин жеттик. Тажикстандын премьер - министри менен да сүйлөштүк. Өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйынында бул маселе карала турган болду жана чечилиши керек эле. Мен билбеймин, эмне үчүн мен кызматтан кеткенден кийин улантышпады. Азыр болсо, тажиктер макул болушпай жатат дешет. 

Мурдагы вице-премьер чек ара маселелерин чечүү бардык убак өтө кыйын болуп келгенин мойнуна алды. Калктуу пункттар менен алмашуу дүйнөлүк практикада колдонуп келген чакта да, көйгөйдөн жөнөкөй чыгуунун жолу болгон эмес.

Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов аны менен макул болду жана кыргыз - тажик чек арасындагы абал чечилбечүдөй абалда жана бир арага келүү үчүн бардык варианттарды карап чыгуу зарылэкендигин белгиледи. 

Мамат Айбалаевдин сунуштарын ишке ашыруу үчүн аракетжасоодогу башкы көйгөй айылдыктардын субьективдүү каалоосу же каалабай койгону негизги маселе, - деди ал Vesti.kg сайтына. 

- Кыргызстанга көчүп келүү үчүн кыргыздар (ал алар  5-7 миңдей) бизден жакшы районду сурашат, жайыт, короосу бар үйлөрдү каалашат, а бийликте алар жок. - деп ой таштады ал. - Тажиктер болсо (алар көп) бул жактан Ворухка барышпайт - алар бул жерде жакшы жашашат. Тажикстанда тоталитардык режим, Ворухта деле - бош жер, биздикиндей эмес. Ошондуктан, мына 10 жылдан бери ушул маселени карап эле келе жатабыз.

Бейшенов бир канча жыл мурдагы конференциялардын биринде калкты алмашуу маселеси талкууланганын эске салды. Ошондо анын катышуучуларынын бирине жакса, экинчи тарапка такыр жакпай бир чечимге келе алышкан эмес.

- Бирок, бул деген, чыгыш жолу жок дегендик эмес, - деп баса белгиледи ал. - Олтуруп алып бардык мүмкүн болгон ваприанттарды президент менен талкуулаш керек.

Мамат Айбалаевдин айтымында, көз карандысыздык мезгилинде түштүктөгү облустар аймагынын үчтөн бир бөлүгүнөн айрылышкан. 

Ольга Федорчук

Фото www




Ой-пикир кошуңуз


Наверх