Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рита Карасартова: Замира Акбагышева аялдар үчүн дайындалган борборду приватташтырып алган 

Укук коргоочу, кесиптештери өкмөттөн талап кылган мыйзамдуулукту, өздөрү да сакташын талап кылууда 

Жакында Төлөкан Исмаилова Facebook социалдык түйүнүндөгү өздүк баракчасында төмөндөгүлөрдү жазган: 

«Качантан бери эле Рита Карасартова күч колдонууга кабылган адамды жатаканадан кубалап чыгууга ыйгарымдуу укук алган?» (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган - ред. эск.) 

Мүмкүн, укук коргоочу сот аткаруучулар тарабынан күч колдонууга жана кыйноолорго дуушарланган, эки баланын энеси Калия Арабекованы эске алган. 

Vesti.kg сайты укук коргоочу Рита Карасартовага ушулар жөнүндө чечмелеп бериши үчүн кайрылган. 

- Кимдир - бирөөлөрдү жатаканага жайгаштыруу же чыгарып жиберүү менен укуктарыма кирбейт, - деп билдирди ал. - Мен аталган жатакананы балдар бакчасынан бүтүруп чыккан - балдар үчүн  деп жөн эле жазганмын. Ал мурда күч колдонууга тушугуп, оор турмуштук абалга кептелген аялдар үчүн борбор болгон. Убагында Замира Акбагышевага «Ганси» авиабазасы 700 миң доллар акчаны ал борборду оңдоп алуу үчүн  берген. Ал акчанын максаттуу багыты аялдар үчүн болгон. Азыр болсо, аталган борбор жеке менчик балдар бакчасы катары иштеп жатат. Акбагышева болсо Аялдар Конгрессинде иштейт. Бардык биздин укук коргоочу аялдарыбыз, анын ичинде Төлөкан Исмаилова да бул тууралу унчугушпайт. Кылмыш ишин козгогон прокуратура ишти аягына  эч кандай чыгара албай жатат. Кыйын абалга тушуккан аялдар аябай көп. Мен бир суроого такалам: «Эмне үчүн жетим балдар үчүн арналган жатаканага, аялдарды орноштуруп башташты?». Себеби, аларды (аялдарды) чындыгында эч бир жерге жайгаштырууга орун жок. 

Андан тышкары, Рита Рахмановна аялдардын уюму Замира Акбагышевадан борбордун имаратын алышып, коргоого муктаж болгон аялдарга бериши керек, - деп белгиледи. 

- Менде ыйгарым укуктарым жок, - деп кайталады укук коргоочу. - Бирок мен булар тууралу айта беремин. Аялдардын уюму Шопоков шаарындагы борборду багыты боюнча иштешин талап кылып, дайыма конгуроону кага бериши керек. Алар негедир аягына чейин барышпайт. Анан эле ачуулана башташат. Негедир билбеймин, мен да бул ишти аягына чыгара аламбы. Эгер ала кушту аты менен атасак, Акбагышевага бүтүндөй оорукананы приватташтырып алса болот, а Карасартовага болсо, балдар үчүн жатаканада аялдар жашап жатканын айтканга болбойт. Мына бизде ушундай укук коргоочулар. Акбагышевадан имаратты алышсын да, ал жерге коргоого муктаж болгон көптөгөн аялдарды жайгаштырышсын. Ал эми балдар бакчасын болсо, жаңыларын курушса болот. Бул имарат так ушул аялдар үчүн болчу. Ал (борбор) багыты боюнча колдонулушу керек. Мен аялдар үчүн. Эгерде биз өкмөттөн мыйзамдуулукту талап кыла турган болсок, өзүбүз да мыйзамдуулукту сакташыбыз керек.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх