Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМДБдан Элвира Сурабалдиеванын паракорчулукка байланышкан шек саноолоруна жооп беришти

Муфтияттан башка мамлекеттерге салыштырмалуу ажыга катышуу баасы бизде төмөн экендигине ишендиришти 

Диний башкармалык бир канча айдан бери ажылык сапардын финансылык тарабын кандай экендиги тууралу жазуу түрүндөгү суроого жооп бербей жатат. Бул тууралу депутат Элвира Сурабалдиева өзүнүн  Twitter баракчасына жазды. 

здесь будет скрин ее твита

Vesti.kg сайты Кыргызстан мусулмандар Диний башкармалыгына квоталар кантип бөлүштүрүлө тургандыгы жөнүндө коомчулукка түшүндүрүп беришин суранып кайрылды.

 КМДБнын өкүлү Акимжан Эргешов Vesti.kg сайтына Элвира Сурабалдиеванын катына Дин иштери боюнча Мамлекеттик комитет аркылуу жооп беришкенин жана депутат учурда жоопту аталган мекемеден алган болуш керек деп жооп берди. 

- Анын келтирген жүйөөлөрү чындыкка жакындашпайт, - деди Эргешов. - Ажылыкка квоталар өлкөбүздүн эң акыркы айылдарына чейин, калкыбыз боюнча мамлекеттик статистиканын негизинде бөлүштүрүлөт.  Сыйынуучулар ажылыкка катышуу үчүн жалпы сумма төлөшөт. Ага виза ачтыруу, учуп барып-келүү, жашоосу, кийими жана баштыгы кирет. Жыйынтыгында, ар бир адам 3 миң доллар төлөйт. 

Диний башкармалыктан, коңшулаш өлкөлөрдүн жашоочуларынын ажыга барып келүү сапарына төлөгөндөрүнө караганда, бизде акы төлөө кыйла төмөн деп белгилешти.

- Сыйынуучу 30 күн башка өлкөдө жашайт, - деди КМДБнын өкүлү. - Биз анын бардык ыңгайлуулуктар менен жашашына шарттарды түзүп беришибиз керек: жакшы жерде жайгашыш керек, тамагын уюштуруп беребиз, ары- бери каттаганга транспорт бөлүштүрөбүз. Эсептеп көрсөңүздөр, Бишкекте эле бул канча сумма болуп чыгат. ошондо, байкайсыздар, Сауд Аравиясында бир ай жашаганга канча сумма талап кылынарын. Казакстан жана Тажикстанда ажылыкка сыйынууга барып келүү үчүн кеминде 5 миң доллар төлөшөт, а бизде 3 миң долларга арыздана башташат.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх