Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиевди калыбына келтирүү борборунан үйүнө чыгарышат 

Медиктер, депутаттын ден-соолук абалынын кыйла жакшырганын  айтышты 

Жогорку Кенештин депутаты, ИИМ жана ЖАМКнин мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевди жакында Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий - изилдөө институтунан үйүнө чыгарышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына медициналык мекемеден билдиришти. 

- Азыр ал жалпы терапия бөлүмүндө дарылануудан өтүүдө, - дешти калыбына келтирүү борборунан. - Өзүн жакшы сезет, өз алдынча басып калды, бирок, сүйлөшү толук калыбына келе элек. 17-июлда үйүнө чыгарабыз. 

Эске салсак, Зарылбек Рысалиев криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү иш боюнча ИИМге суракка чакырылыгандан кийин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган. 

Июлдун башында парламентарийди Таш - Дөбө айылындагы калыбына келтирүү борборуна которушкан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх