Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нигериялык укук коргоочу: Али Абабакардын өлүмү үчүн Кыргызстанды жоопко тартуу керек 

«Бир жаагыбыз канжаласа, экинчисин тосуп беребиз»

Кадунанын мурдагы сенатору, нигериялык укук коргоочу Шеху Сани Али Абабакардын өлүмүнө байланыштуу Кыргызстанга чара көрүүгө Нигериянын өкмөтүн чакырды. Бул тууралу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. 

 «Бир жаагыбыз канжаласа, экинчисин тосуп беребиз, -деп кайрылды Сани өзүнүн колдонуучуларына. - Чет өлкөлөрдө нигериялыктарды өлтүрүүнүн саны көбөйүп бараткандыгы тынчсыздандырат. Федералдык өкмөтүбүз Кыргызстан бийликтерин Али Тиджани Абубакардын ыраймсыз өлтүрүлгөнү үчүн жоопкерчиликке тартышы керек».

Эске салсак, 2-июлда  Cambridge Schoolдун директору  Али Тиджани Абубакарды «ЦУМдун» тегерегинде токмоктоп кетишкен. Жабыркаган адам үч күн ооруканада комада жатып, Республикалык улуттук госпиталда каза тапкан. 

Чет өлкөлүктү токмоктогон шектүүнү 3-июлда кармашкан. Ал 21 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты. Ал жаш жигитти Бишкектин ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх