Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын туугандары президент Сооронбай Жээенбековго кайрылышты 

Ал каттын астына жети миң киши колдорун коюшту 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын  тарапташтары жана туугандары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдон  Саляновага карата «мыйзамсыз» куугунтукка таасир этүү суранычы менен кайрылышты. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына Салянованын жакын туууганы Чынара Турдалиева кабарлады. 

- Бүгүн биз жети миң тарапташтары кол койгон кайрылууну президенттин аппаратына жолдодук, - деди Турдалиева. - Бизге адамдар келишип, өздөрүнүн каалоосу боюнча аны колдогон колдорун коюуну каалашты.

Турдалиева белгилегендей, кол чогултуу Бишкекте жана Нарын районунун Ат-Башы айылында жүрдү. Кол чогултууга бир айдан аз убакыт жумшалды.  

- Аида Женишбековнаны Атамбаевдин  буюртмаларын аткарган деп күнөөлөп жатышат, ал башкы прокурордун кызматына жаңыдан киришкенде, бир канча жолу анын дарегине сындарды айткан, - деп тактады ал. - Атамбаев башкарып турган мезгилде, ал анын командасы тараптан куугунтукка алынган. Бул саясий-мотивдештирилген  иш. Сооронбай Шарипович биздин кайрылуубузга көңүл бөлөт деген үмүтүбүз чоң. 

Андан тышкары, президенттин аппаратына Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева да келди. 

Эске салсак, Аида Салянова ушул жылдын 3-июнунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү иш боюнча камакка алынган.

Эльдос Казыбеков

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх