Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун тарапташтары Кочкордо элдик штаб ачышты

Нарын облустук ИИБлыгы аймакта абал туруктуу экендигине ишендирүүдө 

Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер - министри Сапар Исаковду коргоо боюнча элдик штаб ачылды. Ушундай маалымат бул күндөрү социалдык түйүндөрдө таркады. 

Vesti.kg сайты Нарын облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, абалды түшүндүрүп берүүсүн өтүндү. 

- Ооба, Сапар Исаковдун тарапташтары Кочкор айылында элдик штаб ачышты, - деп маалымат кызматынан тастыкташты. - Аталган факт боюнча Нарын облустук ИИБ жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык тийиштүү чараларды жүргүзүүдө. Азыркы учурда облустун аймагында абал туруктуу. 

Эске салсак, мурдагы премьер-министр  Сапар Исаковду 2018-жылдын 5-июнунда кармашкан. Ага Бишкек ЖЭбиндеги модернизациялоо учурундагы паракорчулук боюнча айып тагышкан. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх