Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Олег Панкратов өзүнүн жаңы милдеттерин аткарып кетет»

Саясат таануучулар мурдагы экономика министри президенттин кеңешчиси кызматы үчүн жетиштүү тажрыйбага ээ болгон деп ишенишет 

Мурдагы экономика министри Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болду. Аны бул кызматка дайындоо жөнүндөгү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кечээ кол койду. 

Саясий маселелер боюнча эксперттер жаңы кеңешчинин терең билими жана чоң тажрыйбасы бар экендигин белгилешүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө Панкратовдун дайындалышына оң көз менен карап, экономикалык тармакта анын орду жогору деп белгиледи. 

- Менимче, бул дайындоо, кыргыз ишкерлери үчүн шарттарды жакшыртуу менен байланышкан болушу мүмкүн, - деди эксперт. - Ишкердик чөйрөсүндө бизде көйгөйлөр болуп келген, эми ал кеңешчи болуп калды, аталган көйгөйлөр чечилет деп ойлоймун. Бут тосуулар,  менимче, азыраак болот. 

Белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев, Панкратовдо болгон тийиштүү тажрыйбаны баса белгилеп, президенттин тандоосун туура деп атады. 

- Ал тажрыйбалуу адам, эки жолу экономика министри болгон, -деди ал Vesti.kg сайтына. - Бул туура тандоо. Билими жана тажрыйбасы чоң. 

Экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов мамлекет башчысына компетенттүү кеңешчи керек эле деп белгиледи,  анын оюнча, Панкратов ошондойлордун бири. 

- Олег Панкратов турмушта да, экономикалык да чоң тажрыйбага ээ, - деп эсептейт ал. - Президентке экономика тармагын өнүктүрүү үчүн жетиштүү компетенцияга ээ ошондой кеңешчи керек эле. Ушул кызматка дайындоого мүмкүн болгон адамдарды санап көрсөк, ал ошол тизмедегилердин ичинде сөзсүз болмок. Ал экономиканын начар жактарын да, келечегин да жакшы билет. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх