Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Атамбаев Текебаевдин жакында акталып чыгышына көзү жеткенден кийин, айткандарынан кайтууда 

Мурдагы президенттин айткандарын анткорлук деп айтып жатышат 

Өмүрбек Текебаев сыяктуу адамдар парламентте керек. «Ата Мекен» партиясынын лидеринин айланасындагы абалды кечээ жакында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушинтип чечмеледи. 

Көпчүлүккө бул сөздөр анткорлук катары көрүндү - Түйүндүн колдонуучулары мурдагы президентке ушундай вердикт чыгарышты. Буга окшош пикирлерди, байкалгандай, эксперттер да карманышат экен. Аларга Vesti.kg сайты кайрылып көрдү.

- Бул эки жүздүүлүк, - деп билдирди Vesti.kg сайтына мурдагы премьер - министр Феликс Кулов. - Атамбаев өзүнү сындаган адамды өзү камап салган. Эми болсо, Текебаевдин жакында акталып чыгышына көзү жеткенден кийин, тескерисинче, айткандарынан кайтууда. 

Мурдагы премьер-министрдин айтымында,Текебаевдин эч кандай күнөөсү жок. Андан дагы, - деп белгилейт ал, мурдагы депутатты бир гана адам - Леонид Маевскийдин гана көрсөтмөсү менен каматкандыгын Атамбаев түшүндү. Ошол эле учурда мурдагы президентке каршы, учурда бир канча адам көрсөтмө берүүдө. 

- Бул табигый нерсе, ал толкундана баштады, себеби, өзү алгачкылардан ушуларга жол ачты, - деп айтты Кулов. -Эч кандай кыйыр көрсөтмөлөр менен Маевскийдин сөздөрү тастыкталган эмес. Бул саясий оюн.

Көз карандысыз эксперт жана мурдагы чекист Максат Мамытканов мурдагы президент өзүн катардагы оппозициядамын деп эсептеп, ушундай нерселер тууралу сүйлөп баштады деп эсептейт.

- Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин алдында күнөөм бар деп бир канча жолу кайталаган, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен аңгемелешип жатып. - Эми болсо мурдагы президент түшүнүүдө, учурда парламентте ушундай оппозициянын, ушундай альтернативалуу  добуштун жоктугунан, депутаттар кандайдыр бир чечимдерди бир добуштан кабыл алышууда. Көйгөйдүн баары ушунда. 

ЖК мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаевдин эки жүздүүлүгүндө чек жок экендигин билдирди. 

- Бул чеги коюлбаган кадимки эле адамдык эки жүздүүлүк, - деди ал. - Атамбаев Текебаевди мурда эле эң жакшы билген. Депутаттар жана жалпы элибиз анын парламентке керек экендигин билишет, бирок, Атамбаев өз адамдык эңсөөсүн кандыруу менен аны четке чыгарган. бул жерде жалгыз гана себеп, Текебаевдин Атамбаевге жакпай калганы жана аны сындаганы. 

Эске салсак, жакында эле Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иштерин кароону 21-августка жылдырган.

Медина Купсулдаева

Фото www 






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх