Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев жана башка саясатчылар Жалал-Абад облусундагы ипподромдун жана мечиттин курулушуна демөөрчү болушат (фото) 

Акимдин айткандары боюнча, бүгүн мурдагы депутат 19 миң кирпичти белекке берди  

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таран-Базар айылындагы жаңы мечиттин курулушуна катышууда. Бул тууралу саясатчы өзү Facebook социалдык түйүнүндөгү өздүк баракчасынан кабарлады. 

Сүрөт, Ташиев жергиликтүү аксакалдар менен тандыр нанды чай менен ичип олтурушканда тартылган.

Сузак  районунун акими Эрмекбай Омошев Vesti.kg сайтына, мечит жергиликтүү жашоочулар менен кээ бир саясатчылардын күчү менен курулууда деп түшүндүрдү. 

- Мага белгилүү болгондой, Камчыбек Кыдыршаевич 19 миң кирпич бөлдү, - деди ал. - Демөөрчүлүк жардамын көрсөткөн башка дагы белгилүү адамдар бар. Андан тышкары, каражатты жергиликтүү жашоочулар дагы топтошууда. 

Омошев Таран-Базар айылындагы мечиттен башка спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн ипподром дагы курула тургандыгын кошумчалады. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх