Азамат Байматов: Максим Бакиев кыргыз футболунун өнүгүшү үчүн эч нерсе жасаган эмес
Футболчу журналистке, КР мурдагы президентинин уулунун, анын «Блэкпул» ФК чакырылышына эч кандай тиешеси жок экендигин айтты
Жакында КТРКда футболчу Азамат Байматовдун интервьюсу чыкты.
Берүүнүн алып баруучусу Байматовго мындай суроо берди:
«Жаңылбасам, 2010-жыл болсо керек эле. Сизди «Блэкпул» футбол клубуна карап көрүү үчүн чакыргандыгы боюнча маалыматтар тараган. Ошол эле убакта Максим Бакиевдин «Блэкпул» футбол клубуна кандайдыр бир байланышы, мындайча айтканда, латвиялык бизнесмен Валерий Белоконь менен бар деп кабарланган. Ким Сизди ал жакка чакырган?
«Тилекке каршы, ошол кезде Англиянын биздеги элчилиги жок эле. Ошондуктан, виза алуу үчүн Алматыга барып келүү керек болчу. Ал жакка Улугбек Салымбеков менен жөнөдүк. Бардык, документтерди тапшырдык. Бир ай күттүк. Ошол убакта бизде апрель окуялары жүрүп жаткан. Биз Алматыга чалдык, бизге виза берүүдөн баш тартышты. Кайра эле Латвияга барууну кааладым, бирок, трансфер жабылып калган болчу.
Бул жөнөкөй эле окшоштук. Мен Белоконь тууралу укканмын. Менимче, анын аталган футбол клубу менен бизнес-иштери болсо керек эле. Бирок, өзүңүздөр билгендей эле, Англияда скауттар көп. Алар бизге келип жатышты. Мени узун бойлуу, башы менен жакшы ойнойт дешип жатышты. Менин жашым дагы туура келет болчу (18 жашка чыгып жаткам). Мен эле эмес, башка футболчу да бар эле - Александр Дедов деген. Чемпионат бүткөндө анын жыйынтыгы менен бизди кароого чакырышты. Максим Бакиев кыргыз футболу үчүн эмне жасады? Ал футбол үчүн эч нерсе салган жок. Анын буга эч кандай тиешеси жок. Бизди скауттар чакырышкан», - деп белгиледи Байматов.
Фото www