Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөбай Зулпукаров: Биз, депутаттар, Түркияда Мелис Мырзакматов менен жолукпайбыз 

Парламентарий Ош шаарынын мурдагы качкын мэри менен саясий маселелер боюнча талкуу өткөрүшөт деген ушактарды четке какты

Жогорку Кенештин депутаттары Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мурдагы качкын мэри менен  жолугушпайт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров кабарлады.

- Кыргызстандын ЖМКында таратылып жаткан бул тууралу маалыматтар, чындыкка дал келбейт, - деди ал. - Мелис Мырзакматов менен жолугушуу биздин күн тартипте каралган эмес.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Акматов, Талант Мамытов, Искандер Гайипкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев жана төрага  Дастан Джумабековдор Түркияда расмий сапар менен жүрүшөт.  

Кээ бир ЖМКлар өз булактарына таянышып,  депутаттар «Улуттар Биримдиги» партиясынын негиздөөчүсү, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен жолугушуп, парламенттик шайлоонун астындагы мүмкүн болгон саясий конфигурацияларды талкуулашат деп кабарлашкан. 

Эске салабыз, Мелис Мырзакматовго 2014-жылдын ноябрынан баштап издөө жарыяланган. Ага сырттан КР КК  «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген 304-беренеси боюнча айып коюлган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх