Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР сот адилеттиги Жогорку мектебинин директорунун юридикалык жогорку билими жокпу? 

Жогорку соттон Раушан Тургунбаевага карата коюлган айыпка жооп беришти

Жогорку соттун алдындагы сот адилеттиги Жогорку мектебинин директору Раушан Тургунбаеванын юридикалык жогорку билими жок. Ушундай деп, Vesti.kg сайтынын окурманы айтканынан кайткан жок. 

«Президенттин аппаратынын соттук реформалар жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев өзүнүн «башкаруу» мезгилинде КР Жогорку сотунун төрайымы - Айнаш Токбаеваны кыстап, өзүнүн кесиптеши Раушан Тургунбаеваны, юридикалык билими жок туруп, КР ЖСнун алдындагы сот адилеттиги Жогорку мектебинин директорлук кызматына дайындаткан», - деп жазылат катта. 

Раушан Тургунбаеванын өзү менен байланышууга, тилекке каршы, мүмкүн болбоду - Сот адилеттиги Жогорку мектебинен Vesti.kg сайтына, анын эмгек өргүүсүндө экендигин кабарлашты. 

Ага карабай, Жогорку соттун маалымат кызматынан Тургунбаеванын билими жөнүндө билдирүүнү чечмелеп беришти. 

- Аталган маалымат чындыкка дал келбейт, - деп ишендиришти Vesti.kg сайтына ал жактан. - Жогорку мектептин башчысынын жогорку юридикалык билими бар.  

Белгилеп кетсек, КР ЖСнун алдындагы сот адилеттиги Жогорку мектеби сотторду, сот кызматына талапкерлерди жана соттук системанын башка кызматкерлерин  окутуу менен алектенет. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх