Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМде Шамил Атахановду суракка алган учурда ал өзүн жаман сезе баштаган 

Мурдагы вице-премьерди тез жардам менен алып кетишкен  

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак учурунда өзүн жаман сезип баштаган. Бул тууралу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактарыбыз кабарлашкан.  

- Шамил Атаханов тергөө аракеттерин баштай электе эле өзүн жаман сезип баштады, ошого байланыштуу тез жардамды чакырдык, - деп маалымат беришти булактарыбыз.  

Эске салсак, мурдагы вице-премьер «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралу иш боюнча көрсөтмө берүүдө. 

Мурдараак белгилүү болгондой, Атаханов кримтөбөлдун мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тийиштиги бар экендиги жөнүндө билдирген. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх