Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылды 

Мурдагы президент эртең эрте менен укук коргоо органдарына аңгемелешүүгө келиши керек

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге үчүнчү жолу суракка чакыруу жөнөтүштү. Бул тууралу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булагыбыз кабарлады.

Сурак 19 - июль күнү саат 10:00гө дайындалган. 

Алдын - ала маалыматтарга караганда, мурдагы президент 2013-жылы мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кезектеги чакыруу алган. 

Буга чейин Алмазбек Атамбаевди эки жолу күбө катары суракка чакырышкан.  Мурдагы президент «керек болсо бул кагазды колум дагы кармагысы келбейт» деп жана аракеттеги бийликтин алгач  «укуктук агымга кайтып келиши керектигин» билдирип, суракка баруудан баш тарткан. 

Анын жактоочусу Сергей Слесарев укук коргоо органдарынын аракеттери Конституция менен кайчылаш келүүдө деп айткан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх