Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алмазбек Атамбаевди Бүгүн камакка алышы мүмкүн» 

Такталбаган маалыматтар боюнча, операцияны бир жарым миңге чукул күч органдарынын кызматкерлери өткөрүшөт

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди камакка алуу бүгүнкү күнгө белгиленген. Бул тууралу  Facebook социалдык түйүнүндө КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. 

«Ишенимдүү булактарыбыздан белгилүү болгондой - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч колдонуу менен кармоо тууралуу буйрук берилген. Ал операцияны эртең, күндүн экинчи жарымында укук коргоо органдарынын бир жарым миңге чукул кызматкерлери менен ишке ашырууну көздөп жатышат», - деп жазды ал кечээ күнү. 

Ички иштер министрилигинин пресс-кызматына бул тууралу чечмелеп берүү үчүн чалганыбызда, байланыш жеткиликсиз болууда. 

Фото www  




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх