Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевди камакка алуу боюнча ушактар, коомдун абалын баалоо үчүн керек болгонбу?

Эксперттер ишенишүүдө, бүгүн мурдагы президентти «басып алуу» болбойт  

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди укук коргоо органдары камакка алышат деген маалыматты, анын тарапташтарынын арасында абалды баалоо үчүн таркатышты. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына белгилүү саясат таануучу жана мурдагы дипломат Марс Сариев бөлүштү.

- Мен атайын операцияны бүгүн өткөрүшөт деп ойлобоймун, -деди эксперт. - Түшүнүктүү эле болушу керек, үчүнчү жолу чакыруу беришкенден кийин элдер ойлошот, эми камакка алуу керек дешип. Бирок, бул ушакты коомдук пикирди байкап көрүү үчүн, аймактарда элдер кандай мамиле жасашат деп таркатышкан. Андан да, мындай учурдагы операцияларды күтүүсүздөн өткөрүшөт. Менин эсебимде, эми маалыматты чогулта башташат: Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарында кандай потенциал бар же Атамбаевдикинде, акцияны канча адам колдошот жана канчасы каршы. 

Саясат таануучу жана мурдагы чекист Максат Мамытканов, өз кезегинде, Атамбаевди соттун чечими чыккандан кийин гана камакка алышат деп белгиледи. 

- Эгерде ал бүгүн суракка келбей турган болсо, тергөөчүлөр тергөөчү сотко анын чакырууга келбей жаткандыгы тууралу соттук актыны чыгарып беришин өтүнүп кайрылышат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Чаралар соттун чечими чыккандан кийин гана көрүлө баштайт, ошондуктан окуяны көбүртбөш керек. 

Ошондой эле эксперт мурдагы президентти камакка алуу элдик толкундоолорго айланып кетиши мүмкүн деген ушактарды чечмелеп берди. 

- Бизде элибиз ар дайым өз эмоцияларын өтө катуу чыгарышат, - деп баса белгиледи Мамытканов. - Эки тарап тең топтошкон элдин синдромун колдонууга аракет жасашууда. Мен ойлоп жатамын, эки революциядан кийин укук коргоо органдарында кезектеги өзүн - өзү өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей турган инстинкти жана иммунитети  иштелип чыккан деп. 

Эске салсак, кечээ күнү эле КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн 19-июлда Алмазбек Атамбаевге «күчтөп кармоо» уюштурула тургандыгын билдирген. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Жолдубаеванын билдирүүсүн дезинформация катары аташкан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх