Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчисин пара менен кармашты

Мекемеде, ал тууралу чечмелеп берүүдөн  карманышты 

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсовду 2019-жылдын 6-июлунда эки айга камакка алышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

- Бизде азырынча кеңири маалымат жок, бирок, анын тергөө абагына алынгандыгын тастыктай алабыз, - дешти маалымат кызматынан. 

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Vesti.kg сайтына Жолборсовдун камалгандыгы тууралу эч нерсе билбей тургандыгын айтты. 

- Мен анын кармалгандыгы тууралу эч нерсе билбеймин жана эчтеке уга элекмин, - деп белгилейт ал. - Маалымат менен таанышкандан кийин, бир аз кийинчерээк чечмелеп берейин. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, Нурбек Жолборсовду 146 миң доллар өлчөмүндөгү пара менен кармашкан. Анын ишин уранды иштетүү боюнча тендерлер менен байланыштырышууда. 

Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх