Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шамиль Атаханов жеке клиникада изилдөөдөн өтөт 

Премьер-министрдин мурдагы орун басары жана УКМКнын мурдагы башчысы жакында ооруканага жаткырылган

Премьер-министрдин мурдагы орун басары Шамил Атахановду, ИИМдеги сурактан кийин өзүн жаман сезгендиктен Бишкектин Темир жол ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткиришкен.

Бирок, изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн аны борборубуздун жеке менчик клиникаларынын бирине алып кетишти, - деп айтышты  Vesti.kg сайтына медициналык мекемеден. 

- Кечээ күнү Атахановду бизге тез жардам менен катуу коронардык синдромго шек менен алып келишкен, - деп билдиришти ТЖ ооруканасынан. - Биз аны карап чыктык жана ал диагнозду алдык, андан кийин, неврологиядан текшерүү үчүн «Бикард» медициналык борборуна жөнөттүк.  

Алдыңкы күнү укук коргоо органдарындагы булактарыбыз Vesti.kg сайтына сурак учурунда Шамил Атаханов өзүн жаман сезип баштаган жана аны «тез жардам» машинасында алып кетишкен деп билдиришкен. 

Кийинчерээк, ИИМнен ден-соолук абалынын начарлоосунан улам, премьер-министрдин мурдагы орун басарын  суракка алууга мүмкүн болбогондугу тууралу билдирүү таратышкан.  

Эске салсак, Премьер-министрдин мурдагы орун басары жана УКМКнын мурдагы башчысы Шамил Атахановду кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга тийиштиги бар деген шек менен кармашкан. 

Азыркы учурда Атаханов үй камагына чыгарылган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх