Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев суракка чакырууну үчүнчү жолу көз жаздымда калтырды 

Бүгүн  Ички иштер министрлигинде анын кармалышы тууралу талкуу болгондугун КСДПдан айтышты  

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев бул жолу да суракка барган жок. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. 

- Жок, Алмазбек Шаршенович суракка барган жок,- деди ал. - Анын жактоочусу Сергей Слесарев бир канча жолу Атамбаевдин суракка катышпай тургандыгы тууралу түшүндүргөн жана ИИМге айыптоочулар тарабынан мыйзамдын бузулгандыгын көрсөтүп кат жөнөткөн. 

Андан тышкары  Жолдубаева мурдагы мамлекет башчысын күч колдонуу менен алып келүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу болгондугун кошумчалады. 

- Биздин булактарыбыз, Атамбаев боюнча күч органдары жыйын өткөрүшкөнүн кабарлашкан, - деди КСДПнын пресс-катчысы. - Анан кечээ бул тема боюнча ызы-чуу болгон, кийинчерээк, дезинформация деп чыгышты. Эрте мененден баштап ИИМ унчукпай, түшкө жакын гана комментарий беришти. Бүгүн кечинде биз жыйын өткөрүп, андан аркы кадамдарыбызды талкуулайбыз. 

Алмазбек Атамбаевди күбө катары эки жолу суракка чакырышкан. Мурдагы президент суракка баруудан баш тартып,  «керек болсо, бул кагазды менин колум кармагысы да келбейт» жана аракеттеги бийлик алгач «укуктук агымга кайтышы» керек экендигин түшүндүргөн.

Анын жактоочусу Сергей Слесарев укук коргоо органдарынын аракеттери Конституцияга кайчылаш келе тургандыгын айткан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх