Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Артистер Атамбаевдикинде концертте катышуу тууралу анонс бербөөнү суранышты  

Кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү ушинтишип кысымдан качууну каалашат 

Кыргыз артистеринин катышуусу менен чыгармачылык кече мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө жайгашкан «Элдик штабда» эртең болуп өтөт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлаган. 

Кайсы ырчылар аталган иш-чарада катышары тууралу партиядан тактап айтышкан жок. Жолдубаеванын айтымында, артистер өздөрү алардын аттарын анонс кылбоону өтүнүшкөн. 

- Алардын Кой-Ташка келерин билип калышса, аларды коркутуп жана аларга басым кыла башташат, - деди ал. - Ошондуктан, аткаруучулар анонс жасабоону бизден суранышты жана мен кимдер чыгып ырдаша тургандыгын айта албаймын. 

Белгилеп кетсек, мурдагы мамлекет башчысынын  «Элдик штабында» оюн-зоок иш-чаралары биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок. Кечээ эле журналистер Атамбаевдин өзүнүн бийлеп жатканын сүрөткө тартып алышкан.

Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх