Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Депутат Бактыбек Турусбеков Босфор аркылуу сүзүп өттү (фото)

Эл өкүлү 85 катышуучунун арасынан тогузунчу болду 

Жогорку Кенештин депутаты Бактыбек Турусбеков 3- Жыл сайын өтүүчү Континеттер аралык сүзүү жарышында Босфор кысыгынан сүзүп өттү. Бул тууралу Vesti.kg сайтына  КР жаштар иши, физкультура жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Турусбеков «55-60 жаш» тобунда катышып, 1 саат 6 мүнөттө тогузунчу болуп сүзүп келди. Ал сүзүү боюнча жарыштын 85 катышуучусунун бир эле. 

Жыл сайын өткөрүлүүчү Континеттер аралык сүзүү жарышында 2 миң 400 адам 59 өлкөдөн катышкан. Алардын арасында 10 кыргызстандык болгон. 

Жарыш Түркиянын Улуттук олимпиада комитетинин уюштуруусу менен Стамбул шаарында болуп өттү. 

Эске салсак, 2018-жылы депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү сүзүп өткөн. 14 километр сүзүп, ал финишке экинчи болуп келген. 

 Эльдос Казыбеков

Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх