Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«ЖК көзөмөлдөө системасын сатып алуунун ордуна бала бакча курса жакшы болбойт беле»

Ак үйдү маалыматтык коргоо үчүн аппаратураны алуу - приоритеттүү эмес тапшырмабы? 

Жогорку Кенештин  Аппараты кирүүнү башкаруу жана көзөмөл, видеобайкоо камераларын 2,3 миллион сомго  сатып алууну көздөйт. Бул тууралу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында чыкты. Тендер 12- августка жарыяланган.

Сайттагы кулактандырууда Жогорку Кеңештин имаратынын шахтасына кирүүнү көзөмөлдөөнү киргизүү жана видеобайкоону түзүү жана ошондой эле депутаттардын өздүк компьютерлеринен, мамлекеттик сактоо обьектеринен маалыматтардын чыгып кетпеш мүмкүнчүлүгүн жана арам ойлуулардын шахтага киришин жокко чыгаруу максатында пландаштырылып жаткандыгы көрсөтүлгөн. 

Булар үчүн аппарат 2 видеокаттоо, 32 камера, мониторлор, коммутаторлор, үзгүлтүксүз камсыздандыру булактарын жана электромеханикалык кулпуларды сатып алат. 

Бирок, саясат таануучу Кубат Султанбеков көзөмөлдөө системасы - өтө маанилүү эмес муктаждык деп эсептейт. Ал депутаттарга анын ордуна бала бакча же мектеп курууну сунуштайт. 

- Менин оюмча, бир жыл күтө турушса, жаңы депутаттардын курамы менен маалыматтарды көзөмөлдөөнү колго алса болот эле, - деди эксперт Vesti.kg сайтына. - Муну азыр жасаштын кереги жок, бул мөөнөттө алар бул ишти жасабай эле койсо болмок. Алар бул акчаны бала бакча же мектеп курганга беришсе болмок. 

Көз карандысыз саясат таанучу Марс Сариев Султанбековду колдоду. Ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө,  качан депутаттар бир нерсени сатып алууну суранышканда, коомчулук тез-тез арызданганын белгилеп өттү. Ал мисалга, эл өкүлдөрү кымбат баалуу олтургучтарды сатып алабыз дешкендеги тендерди келтирди.

- Бул такыр эле приоритеттүү көйгөй эмес,- деп белгиледи Сариев. - Калпыс маалымат чыгып кеткен учур болгон эмес, бир да жолу. Жабык жыйындар өткөн кезде калпыс маалымат чыкпайт, себеби, алар ачыкка чыгарбайбыз дешип документке кол коюшат. 

А ЖК мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов парламенттин аппаратын колдойт. Анын пикиринде, бала бакчалар менен мектептерди тийиштүү муниципалдык органдар курушу зарыл.

- Парламентке анын өнүгүшү үчүн каражаттар бөлүнөт, - деди ишенимүү Курманов. - Бул мамлекеттик орган жана ал иштеши керек. Коопсуздук системасы иштеши керек.  

Эльдос Казыбеков

Фото www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх