Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Тергөө кызматы чындыгында эле биздин штабга келишти

Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов менен тергөө тобунун жетекчиси келишти 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү «Элдик штабга» ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов башында турган тергөө тобу келди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

- Алар суракка чакыруулар боюнча биздин пикирибизге кызыгып келишиптир, - деди ал. - Биз пикирибизди мурда эле айтып келгенбиз, тергөө органдарында бара албайбыз, себеби, бийликтин мыйзамсыз аракетерин легалдаштыргыбыз келбейт. Биз Конституциялык палатага арыз жазганбыз жана Жогорку Кеңештин кол тийбестикити алып салуу тууралу чечими Негизги мыйзамга каршы келет деп көрсөткөнбүз. Ноябрда Конституциялык палата биздин арызды карайбыз деп жатышат. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырышкан. Мурдагы президент «бул кагазды менин колум кармагысы да келбейт» жана аракеттеги бийлик «алгач укуктук жолго түшүшү керек» деген түшүндүрүү менен суракка баруудан баш тарткан. 

Анын жактоочусу Сергей Слесарев укук коргоо органдарынын аракеттери Конституция менен кайчылаш келүүдө деп айтууда.

Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх