Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККБ: Шаирбек Бопонов кызмат орунуна конкурстун экинчи этабында өз күчүн сыноого мүмкүнчүлүгү бар

Бишкек шаардык ИИББнын алдындагы ЖКККБнын башчысынан тышкары патрулдук милициянын башчысы кызматына дагы эки адам талапкер болгон 

Түрдүү кызматтарга талапкерлердин тандоодон өтпөй калгандарынын тизмеси, ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын сайтына жарыяланган. 

Тизмеге ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын алдындагы ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов патрулдук милициянын башчысы кызматына тандоодон өтпөй калган.

ИИМнин ЖКККБда Vesti.kg сайтына Шаирбек Бопоновдун ачык конкурска катышкандыгын тастыкташты.

- Шаирбек Бопоновдон башка патрулдук милициянын башчысы кызматына Чүй облусунун ИИББнын коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы жана КР ИИМнин башкармалыгынын башчысынын орун басары талапкер болушкан, - дешти ал жактан. - Бирок, алар  тандоодон өтпөй калышты. Кандай себеп менен - ачыктаганга акым жок. Чечимди коммисия чыгарат. Талапкерлер өз күчтөрүн экинчи этапта сынап көрүшсө болот. Алардын укуктарын эч ким чектебейт. 

Маалымат кызматынан жакында экинчи этаптын башталышы тууралу жарыяланат деп билдиришти. Азыркы учурда 358 адам академияга алгачкы даярдыктан өтүү үчүн жөнөтүлдү. Лимитти 520 орунга коюуну пландап жатышат. 

Шаирбек Бопоновдун өзүнө макала жарыяланып жаткан учурда комментарийлер үчүн  жетүү кыйын болуп жатты. 

Белгилеп кетсек, патрулдук милициянын башчысынын кызмат оруну бош бойдөн турат. Талапкерлердин бири да конкурстук комиссиянын көпчулүк добушун ала алган эмес. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх