Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алмазбек Атамбаев Россияда Өмүрбек Бабанов менен жолугушу мүмкүн» 

Мурдагы президент жаңы өнөктөштөрдү издеп жатат деген пикир бар 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Россияга эки күнгө барып келүүгө ниети бар. Бул тууралу ал журналистерге кечээ жакында билдирди.

Анын сөздөрүн көпчүлүк жактырган жок: азыр Алмазбек Шаршенович «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча күбө катары өтүүдө. 

Андан тышкары, Атамбаевдин мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу кылмыш иши атайын жасалган жана ал Кыргызстанга кайтып келиши керек деген күтүүсүздөн билдирүү жасаганын сындап чыгышты.  

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикири боюнча, Бабанов жөнүндө болгон сөз, бул, мурдагы президенттин жаңы өнөктөштөрдү издеп жатканы деди. Ошондуктан, Россияга ал Өмүрбек Токтогулович менен жолугушканы учат. 

- Атамбаев өз учурунда бардыгын олтургузган жана кылмыш ишин козгогон, эми болсо, эчтеке билбей калыпмын жана бул менин айланамда курчагандардын иши дейт, - деди эксперт  Vesti.kg сайтына. - Чындыгын айтсам, бул абсурд. Менин оюмча, ал баары бир өзүнө саясий өнөктөштөрдү издөөдө - оппозиция ага барбайт, себеби, аларды ал өзү четтеткен. Мүмкүн, Алмазбек Шаршенович Бабанов  менен жолугушкусу келет, бирок, кийинкиси ага эч кандай жардам көрсөтө албайт. 

Саясат таануучу кошумчалады жана ишенет: эки күндүк сапардан кийин Атамбаев баары бир Кыргызстанга кайтып келет. 

Жогорку Кенештин депутаты  Исхак Масалиев да Алмазбек Атамбаев колдоого муктаж деп белгиледи. 

- Ага өнөктөштөр керек, ошондуктан ал азыр бардыгын мактай баштайт, - деп белгиледи парламентарий Vesti.kg сайты менен болгон пикирлешүүдө. - Эгерде ал Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевди мактай турган болсо, мен таң калбаймын. Өзүн аялдар жана туугандары менен курчап алып, мыйзамга баш ийбесе… Өтө өкүнүчтүү, ушундай деңгээлдеги адамдын, ушундай үлгү көрсөткөнү. Мен үчүн таңгалыштуу, ал кантип эртең учуп кетет. Мыйзам боюнча, аны күч менен суракка алып келиши керек, болгондо да күбө катары эле. Анын суракка чакырууну тоотпогон фактысы, мурдагы президенттин мыйзам алдында баары бирдей деп айткандары чын дилинен эмес экендигинен кабар берет. 

Жыйынтыктап жатып, эл депутаты Алмазбек Шаршеновичтин Өмүрбек Бабановго жакшы мамиле кылгандыгын белгиледи.

- Эсимде жок, ал аны жемелегени тууралу, - деп баса белгиледи Масалиев. - Чолпон-Атада ал айткан болчу: эгерде КСДПнын чечими болбосо, мен Бабановду колдомокмун деп. Андан кийин Бабанов Казакстандын президенти менен болгон роликти көрсөткөндө, ал жарылып кетти жана Кыргызстандын иштерине эч ким кийлигише албайт деп бакыра баштады. Чындап караганда, Бабановдун кампаниясын так ошол Атамбаевдин өзү сындырган. 

Алмазбек Атамбаев кайсы жакка учуп кетет жана кайсы каттам менен, тактоо мүмкүн болгон жок.

- Мен андай маалыматты бере албаймын, - деп жооп берди Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси - Кундуз Жолдубаева. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх