Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Атамбаев Батукаевдин иши боюнча суроолорго ЖМКлар аркылуу жооп берүүгө ниеттенет 

Мурдагы президенттин коргоочусу ички иштер органдары аны суракка чакырууга акылары жок экендигине ишенет 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ИИМин кызыктырган бардык суроолорго ЖМКлар аркылуу жооп берет. Бул тууралу анын жактоочусу Сергей Слесарев Vesti.kg сайтына кабарлады.

- Мындай жасаганыбыз, Атамбаевдин тегерегиндеги абалды бир аз басаңдатуу үчүн, - деди ал. - Алмазбек Шаршенович Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМнин тергөө органдарында болгон сууроолорго эл алдында жооп берүүнү сунуштоону чечти. 

Слесаревдун айтымында, муну жасоо үчүн ИИМдин өкүлдөрү өздөрүнун суроолорун жазуу түрундө даярдашы керек жана мурдагы президент аларга жооп берет. Бирок, анын коргонуучусу кандай форматта жооп берет, азырынча белгисиз. 

- Мүмкун бул, интервью форматында болбойт, жазуу формасында жалпы эл алдында коомчулукка сунушталган түрдө, - деп белгиледи жактоочу. Бул маселе, эгерде ИИМ биздин сунушка макулдугун билдирсе, ошондо толук чечилет. Биз Алмазбек Шаршенович кол тийбестикке ээ жана ИИМнин органдары аны суракка чакырганга акысы жок деп бир канча жолу билдиргенбиз.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү иш боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырышкан. Мурдагы президент  «менин колум бул кагазды керек болсо кармагысы да келбейт» жана аракеттеги бийлик алгач «укуктук агымга кайра келиши керек» деп түшүндүрүү менен суракка баруудан баш тарткан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх