Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз - тажик чек арасында кайрадан ок атуулар жаңырууда

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон чыр абалды талкуулоо үчүн жолугушууга камданууда

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу жакынкы күндөрдө болушу мүмкүн. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  маалымат кызматынан кабарлашты. 

«Жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык, тараптар Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын президенти Э.Рахмондун жолугушуусун талкуулашууда, -  деп айтылат кабарда. 

ТИМнин маалыматы боюнча, мамлекет башчыларынын жолугушуусунун күн тартибинде эки тараптуу маселелер, алардын ичинде кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе да  талкууланат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан кыргыз - тажик чек арасындагы абалдын курчуп жатканы тууралу айтышты.

КР МЧАКнын төрагасы жана КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн катышуусу менен болгон  эл арасындагы түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө тажик тараптан кыргызстандын жарандары тарапка эки жолу ок жаңырган. Бир КР МЧАКнын аскер кызматкери жараланган. 

Мамлекеттик чек аранын ошол бөлүгүндөгү чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн түрдөгү кызмат өтөөгө которулган.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Тажикстандын жарандары Исфана - Баткен жолундагы кыймылды жабышкан.

Бүгүн, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу болору күтүлүүдө. 

Бир аз мурдараак, Баткенге алынып келинген жана кесиптик лицей менен медресенин имаратына жайгаштырылган Ак-сай айылынын 315 жашоочулары менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жолугушту. Жарандарга гуманитардык жардам менен колдоо көрсөтүлүп жатат. 

Андан тышкары, вице-премьер Баткен ооруканасында жаткан жабыр тарткандардан кабар алды. Азыркы учурда алардын ден-соолук абалдары туруктуу деп эсептелинет. 

Баткен облусунда Жениш Разаков кыргызстандын жергиликтүү бийлик органдары жана күч структураларынын өкүлдөрү менен шашылыш жыйын өткөрдү. Ал Баткен облусунун аймагында жана чек арага жакын аймактарда укуктук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты 22- июлда Кыргызстан жана Тажикстандын чек арага жакын айылдарындагы жашоочулардын арасында араздашуу чыккандыгын билдирген. Анын себеби, Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын кыргыз айылына кире бериш жерине желек орнотушканы болгон. Кыргызстандыктар ага каршы болушкан. 

Оозеки кайым айтышуулар кийинчерээк куралдуу тартип бузууларга алып келген. ИИМнин маалыматына ылайык, 14 адам жараланган, алардын ичинде бир чек арачы жана бир милиционер болгон. 

КР ТИМнин маалымат бөлүмү 

КР МЧАКнын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү 

КР Өкмөтүнун Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх