Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кеткендигин чечмелеп беришти
«Мыйзам боюнча биз ага өлкөдөн чыгууга же кирүүгө тыюу сала албайбыз»
Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандан чыгып кетүүгө тыюу сала алышпады. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР ИИМнин маалымат кызматынан билдиришти.
- Алмазбек Атамбаев күбө катарында тергөө иш чараларынан өтүшү керек болчу, бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин талаптары, - деп белгилешти мекемеден. - Бирок, мыйзам боюнча биз ага өлкөдөн чыкканга же киргенге тыюу сала албайбыз. Ал өзү элдин алдында кайтып келемин деп айтып жатат. Биздин оюбузча, кайтып келгенден кийин ал, акыры укуктук талаага кирет. Тагыраак айтканда, суракка келет.
Эске салабыз, мурдагы президентти кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырышкан. Ал чакырууларга баш ийбестен, «алгач бийлик өзү укуктук талаага кайтышы керек» деп билдирген.
Үчүнчү жолу келбей койгондон кийин Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана Тергөө жетекчиси анын Кой-Таштагы үйүнө барышкан. Мурдагы президент бардык кызыктырган суроолорго ЖМКлар аркылуу жооп берүүнү сунуштаган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www