Элдар Абакиров өүнүн кызматтан кетиши жөнүндө: Жаңы министр өз адамдарын алып келүүнү каалады
Экономика министринин мурдагы орун басары ага жаңы кызмат сунуштай электигин айтты
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жаңы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткендиги жөнундө маалыматты четке какты.
Vesti.kg сайтына ал өзү айткандай, учурда жумушу жок.
- Жаңылыктарда бир аз жалган айтылды, эч кандай жаңы жумуш жок, - деди мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары. - Жаңы министр жөн эле өз адамдарын алып келүү үчүн мени кызматтан алды.
Эске салсак, Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июль айына чейин Экономика министринин орун басары болуп иштеген. Эми ал иштеген кызмат ордуна Султан Ахматов олтурду.
Зулайка Эркимбаева
Фото www