Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдун Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрүндө башкы ката кандай болушу мүмкүн?

«Мындай учурда анын башкаруусу анын конституциялык мөөнөтүнүн аягына жетпей калышы мүмкүн»

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушууга даярданууда. Эгерде ТИМге ишенсек, алар караган маселелердин ичинде көптөн бери жүрөк өйүтүп келе жаткан кыргыз - тажик чек арасын демаркациялоо да бар.

Бул, коңшу өлкөлөр көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин пайда болгон көйгөй болуп эсептелет. Кыргыз-тажик чек арасы, картада бийик тоолуу кыркалардагы аккан суулар боюнча бөлүктөрү менен гана белгиленген. А Кыргызстандын Баткен облусундагы түздүк жерлердеги чек ара тилкелери, бүгүнкүгө чейин белгиленбей келе жатат.

Бир нече күн мурда бул нерсе өзү тууралу кайрадан эске салды. Аксай айылы менен Ворух айылынын ортосундагы чырдашуу 16 жаракат алгандар, алардын ичинде милиция жана чек арачы бар, менен аяктады (аяктады деп өтө үмүттөнүп туралы). Кимдир - бирөөлөр чек арага аскер техникалары жакындап келе жатат деген ушак да таратып жиберген - элдин чыңалуусу кыйла сезилип жатты.

Эсибизде, коңшулаш өлкөлөрдүн жетекчилери чек ара маселелери боюнча пикир келишпестиктер менен бир канча жолу бир арага келип, маселени, кайра карабай тургандай кылып, чечкенге аракеттерди жасап келишкен. Бир тарап, экинчи бир тараптын шарттарын күтүлгөндөй кабыл алууга даяр эмес болуп жатты. Ошондуктан, бул жолугушууда, жанагындай тоскоолдуктарды жырып өтө тургандай, өтө чоң жетишиле турган жырылууну күтсө болобу?

Инфраструктуралык маселелер боюнча эксперт Руслан Шарапов Vesti.kg сайтына эмне үчүн кыргыз-тажик чек арасында жөнөкөй эле чечим кабыл алууга болбой тургандыгы жана Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүлөрдө күтүлгөн эң чоң катасы эмне боло тургандыгы жөнүндө айтып берди.

2019-жылдын июлунун үчүнчү декадасында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусу каралган. Чек ара аймагында жайгашкан жашоочулар бул жолугушуудан эмнелерге жетишкенди каалашат?

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын сызыгы көбүрөөк чырлуу болуп эсептелет. Ал жерлерде жыл сайын ондогон араздашуулар болуп өтөт, анын ичинде күч жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен да.

Көрүнүп эле турат, эгерде жогорку деңгээлдеги жолугушуу болгону жатса, анда ага жетишиле турган эң кичинекей жыйынтыктар даярдалган болушу керек. Эгерде эки тараптын жетекчилери кезектеги кол алышуу үчүн жана чыңалуу аймагы үчүн эч кандай жыйынтыксыз жолугушуп, тарап кетишсе, коомдо экөөнүн тең рейтинги төмөндөп кетери бышык.

Тараптар бири биринен эмне каалашат?

Тажик тарапты түшүнүү кыйын эмес: анын максаты – «Ворух менен түз байланыш түзүү».

Бул үчүн Тажикстан тараптан «анклав/эксклав» деген терминдерди колдонуу минимумга чейин кыскартылган. Алар «болгону» Ворухту Тажикстандын калган бөлүгү менен байланыштырууну каалашууда.
Бул үчүн тажик тарап эмнелерди сунуштап жатат: автожолго «бейтарап статус» берүү, бул деген Аксайды айланып өтө турган Ворухка кете турган автожолду куруу менен Аксай кыргыз айылынын аймагында КР өзүнүн көз карандысыздыгын тааныбайт дегендик.

Маршруттун эки варианты сунушталууда: Исфара дарыясынын жээгин бойлой Аксайдан чыгышты карай жана айылдан батышты карай бош турган жерден өткөрүү.

Тажикстан сунуштаган «бейтарап статус» эмнени билдирет?

Аталган аймак Кыргызстанга таандык болбой калат жана «эч бир тарапка тиешелүү эмес» болуп калат.

Салыштыруу үчүн: 2009-жылы Кыргызстан өзүнүн Көк-Таш жана Орто - Боз айылдарынын ортосундагы аралыгы 250-275 метр болгон автожолду салууну каалаганда, Тажикстан бир гана шарт менен аны жасоого мүмкүнчүлүк берген болчу: ошол жерди Тажик Республикасынан 49 жылга ижарага алууну. Же болбосо, сөздүн толук маанисинде Кыргызстан аталган жерди Тажикстанга таандык деп таанышы керек болгон.

Бирок, тескери абалда - Ворухка карай автожол салууда - Тажикстан күзгүнүн шартында, ошондогудай эле макулдашууга барбай жатат. Тажик Республикасынын бийликтери Аксай айылындагы келечекте курула турган автожолго бейтарап статусун сунуштоодо, же болбосо, жер эч кимдики эмес болот дегендей ишаарат менен.

Бул вариант кандай тобокелчиликтерге алып барат?

Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен макулдашууларга кол коюуда өзүнүн жетекчилери тарбынан бир канча жолу Мекенге саткынчылыкка тушукту. Мында өтө өзгөчөлөнгөн жыл болуп - 2001-жыл эсептелет.

2001-жылдын февралында ошондогу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Курманбек Бакиев Өзбекстан менен Сох меморандумуна кол койгон, аны парламент эки айдан кийин КР кызыкчылыктарына каршы келет деп денонсация кылган. Ошол документке ылайык, Кыргызстан Ак-турпак жана Чоң-Кара айылдарынын четиндеги ӨР Сох анклавын бөлүп турган жер тумшуктарын Өзбекстанга өткөрүп берүү каралган.
Сох меморандумун аткаруу Сох анклавы менен Өзбекстандын негизиги аймагы менен бириктирүүгө алып келмек. Ошону менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Баткен жана Лейлек райондору Кыргызстандын негизги бөлүгүнөн жаңы жер коридору менен бөлүнүп калмак.

Тажикстандын Аксай айылындагы кыргыздын көз карандысыздыгын көрсөткөн жердин тумшугун же моюн бөлүгүн жулуп алуу аракети жана ага бейтараптык статусту ыйгаруусу, ошондой эле тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле, бул айыл аркылуу, Кыргызстандандын калган бөлүгү менен бириктирүүдө өзгөчө маанилүү болгон Лейлек районуна автожол салынууда. Ошондуктан, Кыргызстанга Тажикстан менен ушундай жер алмашууга баруунун кажети барбы?

Андыктан, аймактарды алмашуу маселесин кароонун такыр эле кереги жоктур?

Албетте, ушул варианттар ишке ашышы мүмкүн болгон жер бөлүктөрү бардыр, бирок, мунун Аксайга эч кандай тиешеси жок. Ал айылга Кыргызстандын тереңинден кете турган «Төрткүл – Сарсат – Аксай» толук кандуу автожолу жасалып жатат. Андан ары бул автожол өлкөбүздүн ичкерисинен кете турган «Аксай – Рават» маршруту боюнча дагы узарат. Ошондуктан, булардын баарынын курулушун Тажикстан менен макулдашуунун кереги жок.

Мындай абалда Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүлөрдө эмнелерге жетишүүсү мүмкүн?

Жогорудагыларды эске алуу менен, Кыргызстандын максаты президенттердин жолугушуусунун алдында бирөө гана: Ворухка карай автожол салуу үчүн Тажикстан Аксай айылынын тегерегиндеги жерди Кыргызстанга таандык деп эсептеши керек.

Мисалга, Өзбекстан ошондой эле жолго барды: ал Тажик Республикасынын Сарваксай анклавы менен Тажикстан Сарваксайга алып баруучу жолдун аймагында Өзбекстандын суверенитетин тааныса, транспорттук байланышты колдонууга берет. Ошол эле учурда Өзбекстан Кыргызстандын аймагында жайгашкан өздөрүнүн эсклавдарын 2001-жылдан бери талашпай келет.

Эгерде Кыргызстандын президенти Аксайды айланып өтө турган автожолду салууга Тажикстан менен макулдашуунун текстине келечектеги жолдун тегерегин Кыргызстанга таандык эмес деп киргизбей туруп, түзүп салса, эмнелер болуп кетиши мүмкүн?

Мындай учурда Жогорку Кеңеш 2001-жылдагы Сох меморандумундай эле, бул макулдашууну денонсациялайт, ал эми колун койгон адамды Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтүп калат. Анын башкаруусу өзүнүн конституциялык мөөнөтүнө жетпей токтоп калышы мүмкүн.

Сергей Новиков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх