Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин: Кыргызстан саясий туруктуулукка муктаж (видео)

Орусиянын президенти, кыргызстандыктар азыркы лидеринин тегерегине биригиши керек деп эсептейт 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаевди Кремлде кабыл алды. Бул тууралу орусиялык ЖМКлардан кабарлашты.  

«Жашыруун эчтеке жок, - деп, жолугушуу болгондугунун фактын орусиялык лидер тастыктады. - Сиз билесиз, мен учурдагы кесиптештерим менен да, жогорку мамлекеттик кызматтан кеткендери менен да байланышым бар. Албетте, мен чындыгында эле Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралу сүйлөштүк».

Андан тышкары, Владимир Путин биздин өлкөдөгү саясий абал жөнүндө да өз пикирин билдирди.

«Мен Кыргызстанды - биздин өнөктөшүбүз, бизге жакын мамлекет катары билемин, - деп белгиледи ал. - Кыргызстан  бир канча маанилүү ички саясий кескин түрдөгү толкундоолорду өзүнүн башынан кечирди. Эгер так болсок, эң азындан эки жолу. Мына ушунда, менин оюмча, Кыргызстан элинин кызыкчылыктарынын так өзүндө токтолуу керек. Өлкө саясий туруктуулукка муктаж. Бардык адамдар учурдагы президенттин айланасына биригиши керек жана өнүгүүдө ага жардам көрсөтүшү керек».

Кечээ Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен жеке менчик учакта Москвага учуп кетишкен. Алар өлкөдөн ЖККУнун  «Канттагы» авиабазасы аркылуу чыгып кетишкен. 

Орусиянын борборуна учуп келгенден кийин мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева, делегация Кремлге карай бара жатат деп кабарлаган. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх