Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен эмнелер тууралу аңгемелешкенин айтып берди
Мурдагы президент Кыргызстан ички көйгөйлөрүн өзү чече тургандыгын билдирди
Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына шайлоого тынч даярданууга мүмкүнчүлүк берилиши керектиги тууралу Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшө тургандыгына сөз берди.
Бул тууралу КСДП партиясы жарыялаган Кыргызстандын мурдагы президентинин билдирүүсүндө айтылат.
«Бул пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Мен жогорку деңгээлде өткөн жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдиремин. Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана досу экендигин даана билдирди, бирок, өзүбүздүн ички көйгөйлөрдү өзүбүз чечебиз.
Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралу сүйлөштүк. Кыргызстандагы саясий туруктуулуктун керектиги тууралу. Араздашуунун эки тарабы да бул үчүн бардык күчтөрүн жумшашы керек.
Биз дагы, муну эки тараптуу кыймылдагы жол деп эсептейбиз. Аракеттеги бийлик укуктук талаага кайтышы керек.
Алар соттордо каралып жаткан иштерде айкындуулукту көрсөтүшү керек, оппоненттерин куугунтуктоону токтотушу керек. Менин тарапташтарым шайлоого даярдык көрүү мүмкүнчүлүгүн алышы зарыл. Бул тууралу Владимир Владимирович Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнгө ниеттенүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.
Ошону менен бирге, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы саясий чыңалуу төмөндөшү мүмкүн деп кошумчалады.
«Биз тараптан, ушундай кадамдарды Сооронбай Жээнбеков тарабынан көрүшүбүз менен, оппозициянын күн тартиби ошол замат өзгөрүлөт. Саясий чыңалуу төмөндөй баштайт. Муну Кыргызстандын келечеги үчүн биз дагы каалайбыз.
Андан ары аракеттеги бийлик өлкөбүзгө керек болгон өнүгүү долбооорлору менен түздөн-түз алектениши зарыл. Биз буларга жардам бергенге жалаң гана кубанычта болобуз.
Качан гана Кыргызстандын жарандары президент Жээнбеков өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштей баштагандыгын көргөндө, а оппозиция боло турган шайлоолорго тынч даярдыктарды көрө баштаса, эл тынчтанат жана саясий туруктуулук келет, ушулар тууралу Владимир Владимирович менен сүйлөштүк. Биз, 3-июлдагы митингде сөз бергендей эле, сентябрга чейин бийликтен так аракеттерди күтөбүз», - деп жыйынтыктады мурдагы президент.
Эске салсак, бир аз мурда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу болуп өткөн.
Фото www