Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев Путинди угат жана бийликти сындаганды токтотобу? 

Саясат таануучулар Орусия үчүн Кыргызстандагы саясий туруктуулук маанилүү дегенге ыкташат 

Кыргызстандын президенти  Сооронбай Жээнбеков өзүнүн орусиялык кесиптеши - Владимир Путинден - Алмазбек Атамбаев менен жолугуп жана аны «тынчтандырып» беришин суранган. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтында саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

Президент ушул жылдын июль айында Берн шаарынан келе жатып, өзүнүн суранычын айткан болушу керек деп боолголойт. Сариевдин пикиринде, Путин Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргызстандагы аракеттеги бийликти колдойт. 

- Атамбаев үчүн Путин талашсыз авторитет, - деп белгиледи эксперт. - Менимче, ал жактан, Атамбаевге байланыштуу кылмыш ишин токтотуу тууралу сүйлөшүлгөн болушу мүмкүн, а анын ордуна Атамбаев орточо абалды ээлеп жана бийликтин аракеттерине активдүү кийлигишүүнү жана сындоолорду токтотот. Ал эми Путин үчүн Кыргызстанда туруктуулук керек. 

Сариевдин пикиринде, мурдагы президент Атамбаев менен Путиндин ортосунда өткөн жолугушуусу мурдагы президентке таасирин тийгизет жана ал өзүнүн эксцентрикалуу билдирүүлөрүнөн баш тартат жана алардын ордуна ага коюлган бардык айыптар алынып салынат. 

Тарых илимдеринин доктору, профессор  Айнура Арзыматова Орус мамлекетинин башчысы өз демилгеси менен Алмазбек Атамбаевге жолугушуп, ал кадамы менен аны колдоого аракет жасады деп айтканынан кайтпайт.  

- Алардын жолугушуусу эл аралык деңгээлде орус мамлекетинин күчү жана өсүшү болуп жаткандыгын айтып турат, - деп белгиледи эксперт Vesti.kg сайтына. - Бул өлкөдөгү туруктуулукту колдоо үчүн жасалууда. Ал эми Путиндин Жээнбековдун тегерегине биригүү тууралу айтканы - формалдуулук. Ал мурдагы президент тарапты кабыл алды, себеби, биздин мамлекет эл менен иштебей калды, бардык күчүн Атамбаевге каршы жумшап жатат. Владимир Путин Жээнбеков тараптан кландык саясатты жана Кыргызстанды башкаруу колунан келбей жаткандыгын көрүп турат. 

Ал эми башка саясат таануучу Марат Казакпаев, мурдагы президентти Путинге «ыйлактап барганы» үчүн бардык жагынан сынга алды. Жана ал Атамбаевге карата кылмыш ишинин токтотулушуна эч ишенбей тургандыгын билдирди. 

-Түшүнүктүү, Путин менен Атамбаевдин ортосунда жакшы мамиле бар экен, - деп айтты Казакпаев Vesti.kg сайтына. - Менин оюмча, кылмыш ишин токтотушпайт, себеби, Сапар Исаковго, Албек Ибраимовго жана Атамбаевдин өзүнө көрсөтмөлөр базасын табышты.  Ал эми Путин аны тынчсыздандырганга аракеттенди. 

Эске салсак, кечээ жакында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен Москвага учуп кеткен. Ал өлкөдөн ЖККУнун «Канттагы» авиабазасынан чыгып кеткен. 

Кийинчерээк, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева учак конгондугун жана мурдагы мамлекет башчысы СФКнын кызматкерлеринин коштоосунда Кремлге карай багыт алгандыгын кабарлаган. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти менен жолугушкандыгын тастыктады. Андан тышкары, орусиялык лидер өлкөгө туруктуулук керек экендигин эске салып, кыргызстандыктарды азыркы аракеттеги бийликтин айланасында биригүүгө чакырды. 

КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков Facebookтан сапар ийгиликтүү болгондугун жана кечинде Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келерин кабарлаган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх