Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бек Борбиев: Нур-аке менен жолугушканы үчүн Атамбаев Бабановду чыккынчы деп атаган. А өзү болсо Москвага качып кетти. 

Мурдагы президенттин жасаган жоруктары артистке ырааттуу эместей көрүнүүдө 

Качандыр бир кезде Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановду президенттикке ат салышуу кампаниясында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда чыккынчы деп атаган. Бул тууралу  Facebookтагы өзүнүн баракчасынан белгилүү эстрада ырчысы Бек Борбиев эске салды. 

«Качан Бабанов Нур - акеге (Нурсултан Назарбаев) жолугушууга барганда, ал (Алмазбек Атамбаев) аны чыккынчы деп атаган. Ага, Москвага качып жөнөсө боло берет экен да», - деп жазды аткаруучу. 

здесь будет скрин его поста 

Эске салсак, кечээ жакында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен Москвага учуп кеткен. Ал өлкөдөн ЖККУнун «Канттагы»

авиабазасынан чыгып кеткен. 

Кийинчерээк, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева учак конгондугун жана мурдагы мамлекет башчысы СФКнын кызматкерлеринин коштоосунда Кремлге карай багыт алгандыгын кабарлаган. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти менен жолугушкандыгын тастыктады. Андан тышкары, орусиялык лидер өлкөгө туруктуулук керек экендигин эске салып, кыргызстандыктарды азыркы аракеттеги бийликтин айланасында биригүүгө чакырды. 

КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков Facebookтан сапар ийгиликтүү болгондугун жана кечинде Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келерин кабарлаган. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх