Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевге, мүмкүн, омурткасына операция жасашпайт

Врачтар аны жасаштын кереги барбы, бир пикирге келише элек   

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин омурткасына  жасала турган операцияны жасашпай коюшу мүмкүн  

Vesti.kg сайтына саясий бирикменин катчылыгынан билдиришкендей, медиктер бул боюнча өздөрүнүн бүтүмүн чыгарыша элек. 

- Врачтардын консилиуму  операция боло турган күндү жана анын жасоонун кереги барбы, азырынча тактала элек, - деп маалымат беришти ал жактан. - Азыр Өмүрбек Чиркешовичти медикоментоздук ыкмалар менен дарылашууда.  

Эске салсак, мурдараак, медиктер Текебаевде экинчи даражадагы стенокардияны, экинчи даражадагы гипертониялык ооруну жана май алмашуунун бузулгандыгын аныкташкан. Андан тышкары, анда омуртканын арасындагы остеохондроз жана кабыргалардын ортосундагы невралгиясы бар. 

Майдын аягында саясатчыны кардиология жана терапия Улуттук борборуна жаткызышкан. Кийинчерээк аны №4 Шаардык клиникалык ооруканага которушуп, ал жакта азыркыга чейин дарыланууда. 

Ошол эле убакта камактагы адамдын апасы Тилла Текебаева «Супер-Инфо» гезитине берген интервьюсунда уулунун эркиндикке чыга турган күндөрүн санап олтурганын айтты. Ал Өмүрбек Чиркешовичтин балалык чагын эскерди. 

- Өмүрбек айылда Жаңы жылга бир жума калганда төрөлгөн, - деди ал. - Ал өзүнүн башка теңтуштарындай эле, башы оогончо көчөдө чуркап өскөн. Үйгө өзүнө жаккан гана балдарды чакырып ойночу. Кээ бир балдарды ал «алдамчылар» деп, үйгө жакын жолотпогон. Мектепкте жакшы окуган. Эмне боло турган болсо, ошол болду. Мен болсо анын эркиндикке чыга турган күнүн эсептеп олтурам жана аны күтөмүн. 

Зулайка Эркимбаева

Медина Купсулдаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх