Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетет. Болочок премьер - министрдин аты белгилүү болду  

Азыр жаңы министрлер кабинетинин түзүмү талкууланууда

Кыргызстандын өкмөтү 2019-жылдын күзүндө отставкага кетет. Бул тууралу Өкмөттүн аппаратынан булактарыбыз билдиришти.

Азыр ал жакта жаңы министрлер кабинетинин түзүмүн түптөө процесси жүрүүдө. 

- Премьер - министрдин кызмат ордун Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ээлейт, - деди булак. - Учурдагы премьер - министрибиз тагдырга баш ийди, бирок аны да таарынтышпайт. Мухаммедкалый Абылгазиев Эсеп Палатасынын төрагасы болуп дайындалат. 

Өкмөттүн отставкасын мурда да талкуулашканы белгилүү болду. 

- Ушул жылдын апрелинде эле «бажа-гейт» үчүн министрлер кабинетин таркатууну ойлошкон эле, бирок, Сооронбай Жээнбеков кийлигишип токтотуп койгон. Ошондо күзгө чейин жылдырууну чечишкен, - деп кошумчалады ангемелешкен адам. 

Канатбек Исаев, азырынча, комментарийлер үчүн жеткиликтүү болбой жатат.

Эсиңиздерге салабыз, премьер - министр Музаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт 2019-жылдын башында парламент жана коомчулук тарабынан сынга кабылган.  «Чапкылоонун» негизги шылтоолору болуп жетекчилик кызматты ээлешкен премьер - министрдин туугандары жөнүндөгү маалыматтар болгон. 

Ошол кезде эле белгилүү саясат таануучулар менен Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жакынкы күндөрдө боло турган отставкасы тууралу божомолдорду айтышкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх