Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин уулу: ошол сөздөрдөн кийин атам менен эки жыл сүйлөшпөй койгонбуз 

Сейтектин оюнча, мурдагы президенттин айланасындагылардын өздөрү  «эки достун» тегерегиндеги интригаларды жасашууда  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу  Сейтек Атамбаев эмнеге эки жыл бою атасы менен сүйлөшпөй калгандыгын айтып берди. Бул тууралу жаш жигит Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында жазды. 

«Эки жыл бою атам менен сүйлөшкөн жокмун.

Акыркы убактарда мага байланышкан жаңылыктарды окуп жатамын. Элдер айтышат: «Атаңа ал кызматта турган кезде айтышың керек болчу деп». 

Бир чындык тууралу айтайын. Бир кезде туугандарыбыз, атама жакын кишилер ага эчтеке деп айта албаган кезде, мен айтканмын: «Сиздин шоопуруңуз, жан сакчыңыз жана башка адамдарыңыз сиз жасаган жакшылыктарга көлөкө түшүрүп жатат, биздин өлкөбүз үчүн сиз эмнелерди жасап жатасыз». Ушул сөздөрдөн кийин, эки жыл ичинде мен  атам менен бир эле жолу жолуктум.

Эгер керек болсо, эки достун ортосунда туруп алып, интрига жасап жана бүгүнкү күндөгү абалга тушуктурган так ошолор! 

Акыйкаттык бардык жерде болушу керек жана ар бир адамга бирдей акыйкат мамиле жасалышы керек», - деп жазган ал.

здесь скрин его поста

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх