Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев кандай премьер - министр болот? 

Равшан Жээнбеков депутатка байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралу эске  салды 

Жогорку Кенештин депутаты Канатбек Исаев күздөн баштап Кыргызстандын премьер - министринин кызматын ээлейт. Мурдараак бул тууралу Vesti.kg сайтына Өкмөттүн Аппаратынан булактарыбыз билдирген болчу. 

Белгилеп койгонго туура келет, коомчулукту бул жаңылык таң калтырды. Социалдык түйүндүн колдонуучулары өздөрүнүн нараазылыктарын билдиршип, Исаев - министрлер кабинетин башкарууга туура келбей турган талапкер экендигин айтышууда. 

Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы , саясат таануучу Зайнидин Курманов андай эмес деп эсептейт. Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө ал паралментарийди тажрыйбалуу адам катары сыпаттады.

- Канатбек Исаев жаңы муундун өкүлү болуп саналат, - деп белгиледи ал. - Бул адам, Медет Садыркуловдун тарбиялануучусу, мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычынан баштап, бардык тепкичтерин басып өткөн. Мунун бардыгы бул кызматты ээлөө үчүн, анын жакшы кызматтык тепкичтерди басып өткөндүгүн жана жетишерлик тажрыйбага ээ экендигин айтып турат. Исаев акылсыз эмес, акылдуу жана харизматикалык мүнөздүү адам. Алдына максат коюп гана тим болбостон, ага жетишкенди да билет. Ага жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалаймын. 

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Vesti.kg сайтына, Канатбек Исаевди өкмөт башчысы кызматына дайындоого болбой тургандыгын билдирди. 

- Мындай болушу мүмкүн эмес, себеби Канатбек Кедейкановичке байланыштуу кылмыш иши аягына чыга элек, ошондуктан ал мындай кызматты аркалай албайт, - дейт Жээнбеков. - Бул ушакты таркаткан адамдар, кыязы, бардык маалыматтар менен тааныш эмес окшойт. Ал премьер болгон чакта да, кезектеги нөөмөтчү аткаминер жана мурдагы өкмөт башчылары сыяктуу эчтекени өзгөртө албаган башкарылуучу жетекчи болот.

Эске салсак, Жогорку Кенештин депутаты Канатбек Исаевди 2017-жылы сентябрда кармашкан. Парламентарийге  «Кылмышка даярдык көрүү», «Массалык тартип бузуу» жана «Бийликти күч менен басып алуу жана бийликти күч менен кармоо» беренелери боюнча айып тагышкан. 2018-жылдын 18-июлунда Бишкек шаардык соту депутаттын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. 

Андан башка да иш козголгон - эл өкүлүн коррупция боюнча да айыпташкан. Ал ишти мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотушкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх